Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү

Түркия мамлекетинин, Бишкектеги элчилиги кызматкерлери, балдары, боз үй тигүүнү үйрөнүштү.



Түркия мамлекетинин, Бишкектеги элчилиги кызматкерлери, балдары, Кыргыз элинин турмушундагы өзгөчө орду бар боз үй тигүүнү үйрөнүштү.

Чолпон-Ата шаарындагы Тарых жана Маданият музейинин башчысы, Гүлүм Алымкожоева, Бишкектеги элчиликтин шыктоосу менен түндүк көтөрүп, боз үй тигүүнү үйрөөнү  иш чарасы өттү.

Алымкожоева өз кезегиде боз үй, анын мааниси, боз үйдүн жыгач туурдуктары менен тааныштырып, маалымат берди.

Саамалыка, Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, аташелер, элчиликтин кызматкерлери, Түндүк Кипр Түрк республикасынын Бишкектеги өкүлү Атынч Кескин жана ТИКА Бишкек кординатору Али Муслу үйбүлөө мүчөлөрү менен катышышты.
Чамгарагы көтөрүлүп тигилген ак өргө элчиликке белекке берилди.

“Кыргыз-Түрк бир туугандыгын көргөздүк.”

Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Женгиз Камил Фырат, АА  кабарчысына берген маегинде, “Кыргыз жана Түрк балдары биргеликте боз үй тигишти ТИКА  III Көчмөндөр Оюндарында Чолпон-Ата тарых маданият музейине эки боз үй жазалышы үчүн колдоо көргөзүшкөн. Өз кезегинде аталган музей ошол боз үйлөрдүн бирөөнү элчиликтин кызматкерлеринин балдарына белекке беришти.”- деди.
“Кыргыз эли атынан Түкияга ыраазычылык билдиребиз”

Тарых жана маданият музейинин директору, Алымкожоева III Көчмөндөр Оюндарында Кыргыз элине көргөзгөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

Элчилик жана ТИКА Бишкек кординаторлугунун колдоосу менен ишке ашкан, “Көчмөн балдары долбоору” тууралуу маалымат берген Алымкожоева, “ТИКА бизге эки боз үй жазалышына колдоо көргөзөн, бул боз үйлөр менен биз долбоорду ишке ашырдык, долбоор алкагында Кыргыз эл салттарын 7-10 жаштагы балдарга үйрөөтүү максатына жеттик. Бүгүн бул өргөөлөрдүн бирөөнү элчилик кызматкерлеринин балдарына тааныштырып белекке бердик.”- деди жана ТИКА Бишекек кординатору Муслуга ыраазычылык баракчасын ыйгарды.

Аталган иш чара, жаңы тигилген ак өргөнүн алдында, эки элдин желеги менен эстеликке сүрөткө түүшүү менен аяктады.


Загрузка плеера...


Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү Дипломаттардын балдары боз үй тигүүнү үйрөнүштү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться