Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Берлинде, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгын майрамдоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.



Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө залкар жазуучуга арналган адабий кече, сүрөт көргөзмө өткөрүлүп, ошондой эле Кыргызстандан келген таланттуу «Эламан&Чолпон» музыкалык дуэти өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты.

Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Э.Оторбаев менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык боюнча ыйгарым укуктуу М.Зиберт башкы сөздөрдү сүйлөштү.

Ардактуу мейман катары иш-чарада публицист, кесиби боюнча котормочу, 1960-жылдардын аягында жана 1970-жылдардын башында жазуучунун чагырмаларын биринчилерден болуп немис тилинде чыгарып, ошону менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын Германияда белгилүү болушуна көмөктөшкөн Леонард Кошут сөз сүйлөдү. Таанымал-айтматовчу Леонард Кошут залкар жазуучунун жакшы досу болуп, өз убагында бирге тыгыс иштеген.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын үзүндүлөрүн Леонард Кошут немис тилинде айтып берип, катышуучуларга абдан кызыктуу болду. Иш-чаранын катышуучулары Чыңгыз Айтматовдун дүйнө адабиятына жана өсүп келе жаткан муунга кошкон зор салымын белгилешти.

Иш-чарага герман саясатчылары, Бундестагдын депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, адабий критиктер, илим жана малданият кызматкерлери катышышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элердингдин колдоосу менен уюштурулду.

 

 

Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү Берлинде Чыңгыз Айтматовго арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться