Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык”

28.06.2018 “ Жаңы күн” программасынын коногу КР эл артисти Акылбек Абдыкалыков жана  "Түнкү кырсык" тасмасынын экинчи режиссеру Асел Жураева болду.



Асел Жураева тасманын сценарийи Талип Ибраимовдун чыгармаларынын негизинде жазылып, тартуу иштери эки жыл мурун Ысык-Көл жергесинде өткөндүгүн айтып берди. Ошондой эле тартуу учурундагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, чыгармачылык топко ыраазычылык билдирди.  Ал эми тасмадагы башкы ролду жараткан Акылбек Абдыкалыков тасма тууралуу ой-пикирлерин билдирип жатып насаат сөздөрүн айта кетти. Агайыбыз  коомдун ар бир мүчөсү маданияттуу болгондо гана ал коом өнүгөөрүн айтты. Ошондой эле: "Азыр биз башаламан агымдабыз жана бул агымда ар бир адам өз ордун табышы керек. Эгер кимде-ким таппаса тополонго туруштук бере албай калат."- деди жана ар бир ишти сүйүп аткарыш керек экенин айтып ийгилик сырлары менен бөлүшө кетти.

 Кыргыз кино тарыхында алгачкы жолу, дүйнөдөгү эң барктуу делеген 15 кинофестивалдын катарына кирген жана жыл сайын Таллинде өткөн “Темные ночи” кинофестивалында гран-прини жеңген, режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасынын улуттук бет ачаары 28 июнда болду. Ал эми аталган тасманын башкы каарманынын образын жараткан Акылбек Абдыкалыков, Кытайда эл аралык Шанхай уюмунун “Золотая чайка”  кинофестивалында  “Мыкты актер” номинациясында жеңүүчү болду.

Жазган: Адина Капарбекова

 

Маекти толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүз

 


Загрузка плеера...


Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык” Жан дүйнөнү ойготкон “Түнкү Кырсык”

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться