17-23-июнь күндөрү Чолпон-Атада Кыргыз-Түрк “Манас” университети уюштурган MADEA-8 эл аралык симпозиуму өтөт.
Математикалык анализдер, дифференциалдык теңдемелер жана алардын чыгарылыштары (MADEA-8)эл аралык симпозиуму ушуну менен сегизинчи ирээт уюштурулуп жатат. Кыргыз-Түрк “Манас” университети уюштуруп жаткан MADEA-8 эл аралык симпозиумуна катышуучу окумуштуулар, чет өлкөдөн келген коноктор 17-июнь күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына барышат.
Ал эми аталган MADEA-8 эл аралык симпозиуму өз ишин Чолпон-Атадагы “Avrora Resort” отелинин жыйындар залында 18-июнь күнү күндүзгү 14:30 баштайт.