Балдар жана өспүрүмдөрдүн “Карек” кино-лагерине катышуу үчүн дил баян жана сценарийлер кабыл алынууда.
Бул тууралуу аталган кино-лагердин координатору Жаңыл Самыйбекова “Чоң экран” уктуруусунда айтып берди.
Анын айтымында, 1-10 июлда Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде “Карек” кино-лагери өткөрүлөт. Он күндүн ичинде катышуучулар кино тартуунун сырларын үйрөнө алышат.
Лагерге катышуу үчун “Менин үйүм”, “Менин үй бүлөм” жана “Менин досторум” темаларына сценарий же дил баян жазып karekfest@gmail.com дарегине жибериңиздер.
Катышуучуларга кандай талаптар коюларын, алар кимдерден сабак алышарын билүү үчүн, деги эле толук маалымат алуу үчүн төмөндөн эфирдин видео-форматын көрсөңуздөр болот.
Маектешкен: Гулзира Кенешова