Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан»

Katılımcılar, büyük projeyle ilgili detaylı bilgi edindiler.



Үстүбүздөгү жылдын 14-февраль күнү Экономика жана башкаруу факультетинде университеттин Орто Азияны изилдөө борбору тарабынан уюштурулган «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» деген темада семинар болуп өттү. Ага университеттин окутуучулары жана студенттер катышты. 

Алгач Гуманитардык факультетинин декандын орун басары жана Орто Азияны изилдөө борборунун координатору Юнус Эмре Гүрбүз семинардын коногу жана максаты тууралуу маалымат берди. 

Семинардын коногу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Академиясынын башчысы Александр Уолтерс болду. Ал «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» деген темада баяндама жасап, студенттерге Кытай Эл Республикасынын  "Бир алкак – бир жол" деген  кызматташуу долбоорунун максаты жана анын Орто Азия өлкөлөрүнө болгон байланышы, ошондой эле учурдагы абалы, өзгөчө Кыргызстан жана Таджикистанга тийгизген таасири тууралуу маалымат берди.

Семинар суроо-жооп форматында уланып, соңуна чыкты.

Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан» Семинар: «Бир алкак – бир жол» долбоору жана Кыргызстан»

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться