Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак чек арасындагы реконструкцияланган «Чалдыбар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды



Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда Чүй областынын кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.

Мамлекет башчысы чек аралардагы шарттарды жакшыртуу жумушу Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун талаптарына ылайык, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу алкагында жасалып жатканын белгиледи.

Президент «Чалдыбар» пунктунан тышкары кыргыз-казак чек арасындагы «Токмок-Автодорожный», «Кең-Булуң-Автодорожный», «Ак-Тилек-Автодорожный» көзөмөл пункттары реконструкциядан өткөнүн эскертип, эмки планда «Ак-Жол» пунктун реконструкциялоо экендигин билдирди.

«Биздин өлкөгө келген туристтерди дароо көзөмөл-өткөрүү пункттары тосуп алат жана алгачкы таасирди меймандар дал ушул өткөрүү пункттарынан алышат. Мындан мамлекеттин имиджи көз каранды. Ошондой эле продукциясын башка өлкөлөргө экспорттогон биздин ишкерлер чек арадан тоскоолсуз өтүшү керек. Туризм жана экспортту колдоо менен биз жаңы жумушчу орундарды түзүп, экономиканы өнүктүрөбүз, бюджетке түшкөн каражат көбөйөт», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал чек арачыларды чек араны өтүп жаткандарга карата меймандос мамиле жасоого чакырды. «Кыргызстан жана Казакстан куштун эки канатындай бир тууган эл. «Чалдыбар-Автодорожный» пункту эки мамлекеттин эң башкы дарбазасы. Ушул жерден эки өлкөнүн эшиги ачылат, карым-катышы, эки элдин достугу башталат. Байыртадан дал ушул жерден Улуу жибек жолунун кербендери өткөн», - деп кошумчалады Мамлекет башчысы.

Реконструкцияланган имаратты жана айланасын кыдырып көргөн мезгилде Президентке берген маалыматтарга ылайык, «Чалдыбар» өткөрүү пунктунан суткасына 5 миңден 7 миңге чейин киши өтсө болот, реконструкцияга чейин миңден ашпаган адам өтчү. Транспорт каражаттарынан суткасына 250дөн 350гө чейин унаалар өтүүдө, анын ичинен 70ке чейин оор жүк ташуучу унаалар. Көзөмөл-өткөрүү пункту эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бир адамды текшерүүгө орто эсеп менен 40 секунд кетет, жүк ташуучу унааларга 10 мүнөткө чейин убакыт сарпталат, кезек күткөн элдер жана унаалар жокко эсе.

Президент Сооронбай Жээнбеков жүк ташуучу унаалардын 10 мүнөткө чейин текшерилгенине көңүл буруп, бул убакытты кыскартып, өтүп жаткан унаалардын санын көбөйтүү керектигин белгиледи.

                Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды Бүгүн, Президент кыргыз-казак чек арасына барды

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться