Google Translate’ти кыргызчалоодо студенттерибиз эмгек жумшашты » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Google Translate’ти кыргызчалоодо студенттерибиз эмгек жумшашты

Кыргыз тили Google Translate электрондук котормо системасына кошулду деген жаңылык барыбызды кубантты.



Кыргыз тили Google Translate электрондук котормо системасына кошулду деген жаңылык барыбызды кубантты. Бул маалымат Google'дун расмий баракчасына жарыяланган. Долбоордун демилгечиси Чоробек Сааданбектин  айтуусунда, бул иш 700 ыктыярчынын эмгеги менен жүзөөгө ашырылып, 1 миллион сөз айкашы жана 4 миллионго жакын сөз  англис жана орус тилдеринен кыргызчага которулган. Ошондой эле Google'дун Калифорниядагы бөлүмүндө эмгектенген Тилек Мамытовдун эмгеги зор экендигин билдирген. Эми интернет колдонуучулар эң көп колдонгон Google компаниясынын Google Translate котормо кызматын кыргыз тилинде колдоно алышат. Буга чейин "Википедиянын" кыргыз тилиндеги барагы да түзүлгөнү белгилүү.

ϴзгөчө белгилей кетсек, Кыргыз Translate акциясынын алкагында ишке ашкан бул жумуштун көпчүлүгүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери аткарган. Университеттин жалпы жамааты студенттерибиздин мындай эмгеги менен сыймыктанып, мындан ары да ийгиликтерди жана кең келечек каалайт.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Google Translate’ти кыргызчалоодо студенттерибиз эмгек жумшашты

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться