Театр эч качан өчпөйт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Театр эч качан өчпөйт

 

“Чоң экран” программасынын 7-июндагы уктуруусунда Эрк театрынын негиздөөчүсү Нурлан Абдрахманов конокто болду.



Коногубуз менен театр жана кинонун айырмачылыгы, Кыргызстандагы театрлардын абалы, элдин театрга кызыгуусу тууралуу сөз кылдык.

Анын айтымында гезитти радио, радиону телевидение басып өтпөгөндөй эле кино да театрды эч качан басып өтпөйт:

Театр-бул искусствонун башаты. Гезит, радио, телевидение жашап аткандай эле театр да жашай берет. Азыркы заманда элдер жан дүйнөсүн эргитүү үчүн театрга келе башташат. Себеби, театр өзүнчө ажайып дүйнө. Театрда отурган адам башка бардык көйгөйлөрүн унутуп искусствого кирип кетет. Ал эми театрдан чыккандан кийин дүйнөгө башкача көз караш менен карап калышат.

Азыркы заманда адамдар театрга барбай жатат деп эле көрүүчүлөрдү күнөөлөй бергенибиз туура эмес. Себеби, биз театралдар көрүүчүнү кызыктырышыбыз керек. Мисалы, Эрк театры көрүүчүлөргө барат. Ар кандай салтанаттарда кичинекей бөбөктөрүбүз үчүн даярдалган оюндарды көрсөтөбүз, эгерде көрүүчүлөрдүн купулуна толсо, башка оюндарды театрга келип көрө алышат.”

Мындан тышкары каарманыбыз театрда ойногон, бир нече тасмага (“Арзы” ж.б) тартылган актер жана ырчы катары да таанымал, жана ошондой эле жакында эле режиссердук окуусун да аяктады.

Жазган: Кенешова Гулзира

 

Театр эч качан өчпөйт

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться