КТМУда БАУАнын жыйыны өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда БАУАнын жыйыны өттү

Борбор Азия университеттеринин ассоциациясынын(БАУА) башкаруу кеңешинин жыйыны КТМУда өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Борбор Азия университеттеринин ассоциациясынын жыйыны болуп өттү. Түрк кеңешинин Түрк университеттер ассоциациясынын жана Борбор Азия университеттеринин ассоциациясынын жетекчиси, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Субахаттин Балжы жетекчилик кылган жыйында бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер каралып, ассоциациянын өнүгүүсү үчүн жаңы пландар түзүлдү.
Активдүү, функциялуу жана жемиштүү структура...
Ассоциациянын жетекчиси, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, алдыга коюлган башкы максаттардын бири активдүү, функциялуу жана жемиштүү структура түзүү экенин белгилеп: “Бир нече тармакта пайда алып келген ассоциация катары жемиштүү иш-аракаттерди ишке ашыруу башкы пландарыбыздан бири”,-деп, Борбордук Азиядагы жана коңшулаш аймактардагы университеттерди ассоциацияга мүчө болууга чакырды.
Кыска убакыт ичинде 55 мүчө...
Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, 2016-жылдын 29-апрелинде түзүлгөн ассоциацияга, кыска убакыт аралыгында 55 университет мүчө болгонун айтып, аталган университеттер менен бирге иш алып баруу үчүн ассоцициянын башкаруу кеңеши орток пландар түзөөрүн белгиледи. Буга байланыштуу жыйында жакынкы убакта ишке ашырыла турган пландар каралды.
Кыска мөөнөттө ишке ашырыла турган иш-чаралар...
Кыска мөөнөттө ишке ашырыла турган пландар алкагында, 2017-жылы Гиресун университетинде өткөрүлө турган “25 жылдык тажрыйбага ээ Түрк тилдүү Республикалар” аттуу симпозиуму, КТМУда боло турган “КТМУ - Евразия университеттеринин I шахмат турнири”, 2017-2018 окуу жылында БАУА студенттик кеңешинин түзүлүүсү, БАУАга мүчө университеттер арасында студенттер жана окутуучулар арасында алмашуу программаларынын ишке ашырылуусу жана ассоциацияга мүчө университеттердин биргеликте магистратура программасын ачуу үчүн кабыл алган чечимдеринин негизинде кызматташтык протоколуна кол коюлду.
Жамааттык иш-аракеттер …
БАУА башкаруу кеңешинин жыйынында ассоциацияга жаңы мүчө болгон университеттердин керектүү документтерин талапка ылайыкташтыруу, алардын орусча, кыргызча, түркчө жана англисче даярдоо, интернет баракчасын ачуу иштери каралды.
Борбордук Азиядагы жигердүү ассоциация...
Ассоциациянын Борбордук Азиядагы илимий, экономикалык, социалдык жана маданий тармактарда жигердүү ролго ээ болуусу күтүлүүдө. Муну менен катар коңшулаш өлкөлөр арасындагы ынтымакты чыңдоодо зор салым кошуп, аймактык жакындашууга негиз түзүү пландалууда.
Мекемелердин ортосунда кызматташтыкты бекемдөө...
Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын максаты, университеттер, жогорку билим берүү мекемелери арасында кызматташтыкты арттыруу, эл аралык аренага чыгууга, окутуучулардын жана студенттердин активдүү иш алып баруусуна шарт түзүү, билим берүүдө сапатты арттыруу болуп эсептелет.
Тектеш маалымат: http://mediamanas.kg/lang-ky/463-ktm-nclnde-merkezi-asya-niversiteler-birlii-kuruldu.html


Загрузка плеера...


КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү КТМУда БАУАнын жыйыны өттү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться