Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар

КТМУнун ректору Себахаттин Балжы Стамбулда университеттин атын чыгарган бир топ жолугушууларда болду



Түрк Кеңешинин Түрк университеттеринин ассоциациясынын төрагасы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, өткөн жумада Түркияга болгон иш сапарында Стамбул жана Анкара шаарларында бир топ иш-чараларга катышып, жолугушууларда болду. Алар:
Евразия жогорку билим берүү саммитинин ачылышындагы сөз сүйлөөсү
Себахаттин Балжы Евразия университеттер ассоциациясынын жетекчилигинде 22-24 март күндөрү уюштурулган “EURIE 2017- Евразия жогорку билим берүү саммити”нин ачылышында TҮРКУНИВ (Түрк университеттеринин ассоциациясы), КТМУ жана БАУА (Борбордук Азия университеттер ассоциациясы) тууралуу жана аткарылып жаткан иш-аракеттер туурасында маалымат берди.
Министр Исмет Йылмаз менен жолугушуу
Саммитте Түркия Республикасынын Билим берүү министри Исмет Йылмаз менен жолуккан Себахаттин Балжы, униыерситеттеги жетишкендиктери, азыркы учурдагы көйгөйлөрү жана анын чечүүнүн жолдору тууралуу маектешти.
Түрк кеңешинин башкы жетекчиси менен жолугушуу
TҮРКУНИВ, БАУАнын төрагасы жана КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы саммитте Түрк кеңешинин жетекчиси, доктор Өмер кожаман менен жолугушуп аталган ассоциациялардын аткарган иштери тууралуу маектешти.
Жогорку билим берүү мекемесинин жетекчиси менен жолугушуу
Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы, Жогорку билим берүү мекемесинин жетекчиси, профессор Хасан Мандал менен жолугушуп, академиялык сапат маселеси тууралуу сүйлөштү жана жогорку билим берүү мекемесинден академиялык сапаттуулук боюнча күтүүлөрүнөн кеп салып, КТМУнун инженерия факультетинин инженерия программасы жана Аккредитация уюму тууралуу маалымат берди.
Евразия университеттеринин ассоциациясынын жетекчиси менен жолугушуу
Евразия университеттер ассоциациясынын жетекчиси, доктор Мустафа Айдын менен жолугушкан Себахаттин Балжы, эки тараптуу кызматташтык туурасында кеп салды.
Бейкент университетинин проректору менен жолугушуу
Евразия жогорку билим берүү саммитинде Бейкент университетинин проректору, профессор Селахаттин Сары менен жолугушкан Манас университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, эки университет тарабынан кызматташуу аркылуу ишке ашырыла турган пландары тууралуу сүйлөштү. Жолугушууда 2017-жылдын 9-11-июль күндөрү Стамбул шаарында боло турган Евразия экономика конгрессине жана 5-7-октябрда КТМУда өткөрүлө турган экономика конгресси туурасында сөз болду.
Гедик университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары жана ректору менен жолугушуу 
КТМУнун ректору Себахаттин Балжы, Евразия жогорку билим берүү саммитинде Стамбул Гедик университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасынын орун басары, профессор Ахмет Кесик жана ректору, профессор Беррак Куртулуш менен жогорку билим берүү, кесиптик жана техникалык жактан жетишкендиктер туурасында сүйлөштү.

Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар Евразия жогорку билим берүү саммитиндеги жолугушуулар

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться