Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

 Ч.Айтматов атындагы Орус Драма театрында өткөн “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган Орто мектептер арасындагы II Республиклык театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды.



Үч айдан бери жер-жерлерде мыкты деп эсептелген спектаклдер райондорго,райондордон шаарларга өтүп тандалып отуруп аягы мыктылардын мыктысы Бишкек шааарындагы фестивалга жолдомо алышкан. Фестиваль үч күнгө созулуп, калыстардын чечими менен катышуучулар диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

Гран-при, 70 000 сом – Кара-Балта үйүнүн театралдык студиясы “Теремок”спектакли менен.                                                                                                                                            1-орун, 60 000 сом - Каракол шаарынын №11 мектеп-гимназиясы «Закым кубалган балдарспектакли;
2-орун, 50 миң сом –Чон-Алай районунун Ак-Суу орто мектеби, «Азаттык ыры» спектакли;
3-орун, 40 миң сом – Ак-Талаа районунун Э.Мейманов атындагы орто мектеби «Жетим ата» спектакли.

Гран-прини жеңип алган спектаклдин жетекчиси  Ольга Пехова: “ Спекталди аткарган балдарыбыз 4 жаштан 10 жашка чейин, бир жыл даярданганбыз, биринчи спектаклибиз, биринчи жолу катыштып жаткандыктан гран-прини алабыз деп ойлогон эмеспиз. Мындай фестивалдын уюштурулушу бизди кубандырды. Биз балдарыбызды достукка, жакшылык кылууга  үйрөтүүдөбүз”,-деди.

Ошондой эле активдүү катышкан катышуучуларга 10 000 сом акчалай сыйлык берилди, алар төмөндө:

- Ош шаарынын А.Навои атындагы орто мектеби,                                                                      

- Талас облусунун Ы.Израилов атындагы мектеби,                                                                    

- Баткен облусунун Б.Нарматов атындагы орто мектеби,                                                         

- Бишкек шаарынын №59 орто мектеби,                                                                                          

- Чүй облустук -Т.Кожомбердив атындагы орто мектеби.

Театралдык фестиваль КРнын Маданият, Маалымат жана Туризм министрлиги менен КРнын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду. .

Саткынай Алымбаева

Айзада Кудайбергенова

 

Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду Орто мектептер арасында өтүүчү театралдык фестивалдын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться