Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету

Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету



Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Коммуникация факультетинин кино залында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Cтуденттик иштер боюнча башкармалыгынын отчеттук иш-чарасы болду.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, факультет декандары, окутуучулар жана студенттер катышты. 
Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ар бир студент өзүнчө бир инсан экендигин жана университеттин коомдук иштерине жана студенттик турмушка активдүү аралашкан студенттер менен чогуу иштешүүгө жана аларга колдоо көрсөтүүгө биз дайым даярбыз деген ректор Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын  бир топ иш-чараларды өткөрүп жатышканына көңүл бурду.
Ректор өз сөзүндө студенттердин “Manas Life» долбоору мыкты иштерди аткарып жатканына басым жасап “келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, алга умтулган, позитивдүү, жаратман инсандар өсүп келе жатат. Биз аларга багыт берип, Түрк дүйнөсүнүн чыныгы муундары катары тарбиялашыбыз керек. Жаштарыбыздын жасаган иштеринин менен сыймыктанабыз жана дүйнөгө тааныла алабыз. Окуу жайдын аты массалык маалымат каражаттарында байма-бай чыгып жаткан болсо, демек аны да студенттерибиздин аракети менен болуп жаткан иш деп түшүнүүбүз керек”,-деп башкармалыктын иштерине ийгилик каалады.
Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын мүдүрү Гүнхан Кайхан 2015-жылдан бери КТМУнун Студенттик иштер боюнча башкармалыгы башкы имаратта жайгашкан бөлүмүнүн аткарган иштери тууралуу отчет бериле турганына токтолду.
КТМУнун студенттер жана бүтүрүүчүлөрүнүн  координаторлугуна караштуу башкармалыгынын мүдүрү К.Турдакунова бөлүмдүн иштери жана “Манас Life”, “Манастын сыймыктары”, “Манас people’долбоорлору тууралуу маалымат берип,  студенттер окуудан тышкаркы убактыларын пайдалуу өткөрүүлөрүнө шарт түзүлүп жатканын билдирди.
Андан соң Студенттик кеңештин төрагасы Залкар Акылбек уулу жана орун басары Атилла Гүвен 2016-2017-окуу жылынын күз семестринде аткарылган иш аракеттери,  ал эми С.Бейшенбеков башкармалыктын жаз айларында аткарыла турган иш пландары менен окуу жайыбыздын жетекчилигине маалымат беришти.
Иш-чаранын аягында долбоорлор таанымы көрсөтүлдү.

Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын отчету

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться