Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы

Бүгүнкү программада “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.



Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы

 

Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Бүгүнкү программада “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы тууралуу баяндап беребиз.

 

“Ысыккөлдүн кызгалдактары” тасмасы – кырыгз киносундагы кинематографисттерибиз үчүн өтө зарыл болгон, өзүнө көптөгөн тарыхты сактаган саналуу кинолордун бири.

 

Тартуучу топ :

Койгон режиссёр- Болотбек Шамшиев

Сценарий- Ашым Жакыпбеков, Василий Сокол, Юрий Сокол

Койгон оператор- Манасбек Мусаев, Виктор Осенников

Композитор - Михаил Марутаев

Художник - Алексей Макаров

 

Тартылган актёрлор:

Суймөнкул Чокморов — Карабалта

Борис Химичев — Кондрат Кокорев

Амина Өмүрзакова — Кемпир

Советбек Жумадылов — Байзак

Алиман Жангорозова — Айымжан

Гунта Виркава — Ольга

Елеубай Умурзаков — Калмат

Айтурган Темирова — Калыча

Бакы Өмүркулов — Жамгырчы

Арстанбек Ирсалиев — Атай

 

Тасманын дареги:

«Ысык-Көлдүн кызгалдактарынын» башкы идеясы Александр Павлович Сытин аттуу жазуучунун «Тянь-Шань контрабандисттери» аттуу 1927-жылы жарыкка чыккан китебинин негизинде жаралган. «Тянь-Шань контрабандисттеринде» 1920-жылдары Сытин өзү кызмат өтөгөн Ысык-Көлдүн жээгиндеги чегара бөлүгү сүрөттөлөт.

            Аталган тасма 1972-жылы Жети-Өгүз, Барскоон, Жууку өрөөндөрүндө тартылган. Тартуу иштери алты ай жүрүп, ага айылдын жалпы эли катышкан.

Чоң экранга болсо, 1973-жылдын 16-апрелинде чыккан. Тасма прокатка чыгып турган учурда аны 11.3 млн. көрүүчү көргөн.

 

 

Сюжетин эске салсак:

Фильмдин аты айтып тургандай, мында Көл аймагындагы окуя сүрөттөлөт. Эски феодалдык бийлик кулап, социалдык бийлик али күчүнө кире элек мезгил. Бул кезде Көлдө апийим өстүрүү күчөп кетет. Чет элдиктер ордуна алтын берип, кыргыздардан апийим алып турушат. Ошондуктан, бул аймактын көпчүлүк тургундары мал-жан, эгин-тегин сыяктуу тиричиликтерин токтотуп, апийим өстүрө башташат. Чегарада болсо кантрабандага каршы чегарачылар турушат. Бирок, чегара канчалык бекем болбосун, апийим ташыган контрабанда өнүгө берет. Бул иштин башында ким тураары белгисиз. Фильмдин негизги каарманы Карабалта контрабандистти кармайм деп катуу аракет кылат. Бирок, куу бандит Карабалтаны совет бийлигине жаман көрсөтүп, натыйжада, Карабалта өзү жайган торго ак жерден өзү түшүп калат. Көрсө, Карабалта издеп жүргөн контрабандист ошол эле айылдын тургуну, медициналык керек¬төөлөргө жумшоо үчүн апийим кабыл алуучу бөлүмдүн башчысы Байзак болуп чыгып, кийин бети ачылат.

Фильмдин негизги каармандарынын бири Калмат – чоң жана атактуу кыргыз уруусунан. Октябрь революциясына чейин падышалык бийликтин куугунтугуна туш болгондуктан, уруусу менен адам көзү көрбөгөн тоого көчүп кеткен. Эски бийлик кулагандан кийин да алар тоодо жашоосун уланта беришет. Жаңы бийликтин душмандары Калматты апийимге үндөй башташат. Бирок, Калматтын уруусу аларга эмес, чегарачылар тарапка кошулат. Ошондой эле мында Калматтын кызы Каличанын Карабалтага болгон сүйүүсү чагылдырылган. Фильм Калматтын айылга көчүп келиши менен аяктайт. Кинодо акыр түбү чындык, акыйкат жеңет деген философия жатат.

 

Сиз көрбөгөн кадрлар:

            Фильмде колдонулган оюнчук эмес чыныгы куралдар колдонулган. Алар атайын машинага жүктөлүп көзөмөлдө болуп турган.

            Тасмадагы Калматтын кызы Каличанын ролуна ылайыктуу кыз табуу бир топ кыйынчылыкты жараткан. Жардамчы режиссёр Темир Дүйшекеев Каличанын ролуна кыз табам деп мектеп, институт, деги барбаган жери, киносынакка ээрчитип келбеген кызы калбаган деп айтылат. Акыры бир күнү кокусунан эле көчөдөн каратору, айчырайлуу Айтурган Темировага жолугуп калганда көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнгөн экен.

            Көлдүн жээгиндеги эң акыркы окуяны 1971-жылы 31-январда тартышкан. Сценарий боюнча болсо күз мезгилиндеги окуяны тартыш керек болчу. Табиятты го көлдүн карын тазалап, кумдан чачышып күз айына окшоштурушту. Бирок, сууга түшүү кыйын болгон. Себеби, сценарий боюнча Калмат уруусу менен айылга көчүп келгенде ал жигиттери менен «оо, көлүм, сени аман-эсен көрдүк» деп сууга киришмек. Кычыраган кыш мезгили болгондуктан, актёрлордун эч кимиси көлгө кирүүгө батынышпайт. Акыры баарына ичимдик куюп беришип, сууга түшүрүшөт. Суудан чыккан соң, тиштери тиштерине тийбей калчылдаган актёрлорго дагы ичимдиктен берип, өздөрүнө келтиришкен экен.

            Карабалтанын образын жараткан Сүймөнкул Чокморов фильмдеги ар бир күнү үчүн 66 рубль, Каличанын ролундагы Айтурган Темирова 28 рублдан гонорар алып турушчу экен.

            Жалпысынан фильм үчүн СССР мамкиносу тарабынан 600 миң рубль бөлүнгөн.

           

Сыйлыктары:

             V Бүткүл Союздук кинофестивалда диплом менен сыйланган. Мындан тышкары, эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Сүймөнкул Чокморов жана аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Айтурган Темирова сыйлыкка татыган. (Тбилиси, 1972)

            Францияда өткөн Эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка ээ болгон. (Страсбург, 1973)

           

Даярдаган: Кенешова Гулзира

Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы Кыргыз киносуна саякат: “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться