Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү

Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү



2016-жылдын 28-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде КРнын “2016-жыл - Тарых жана маданият жылына” карата бир нече китептин, тагыраак айтканда, 600 томдук «Түркстан жыйнагынын («Туркестанский сборник»)» электрондук көчүрмөсүнүн, белгилүү кыргыз Эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин «Улуу Үркүн» китебинин түрк тилиндеги котормосунун бет ачары, Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган белгилүү түркологдордун макалалар жыйнагынын, «Түрк элдеринин мамлекеттүүлүк салты» темасындагы Эл аралык конгрессинин материалдарынын бет ачары, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Археологиялык музейинин, КТМУнун окутуучулары тарабынан даярдалган «Кыргызча-түркчө сөздүгүнүн» (75000 сөз) жана КТМУда ишке ашырылып жаткан бардык адистик программалар боюнча 4 тилдеги (кыргызча-түркчө-орусча-англисче) терминологиялык сөздүктөрдүн электрондук версияларынын бет ачар аземи болуп өттү.

Иш-чара Ч.Айтматов атындагы кампуста Ректорат иматарында өтүп, ага мамлекеттик кызматкерлер, окумуштуулар, ЖОЖдордун ректору, КТМУнун жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында КТМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Анвар Мокеев 2016-жылы бир катар маанилүү тарыхый мааракелерине туш келгендигине байланыштуу КРнын Президентинин жарлыгы менен “2016-жыл Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланганын, Кыргызстанда ар кандай мекеме, ЖОЖдор жана бардык кыргызстандык жарандар тарых жана маданият жылына өздөрүнүн салымын кошууга белсенип киришкенин белгилеп: “Кыргыз-Түрк “Манас” университети да тарых жана маданият жылында бир катар маанилүү иштерди жасап, бүгүн коомчулукка сунуп жатат.”, -деп университет тарабынан ишке ашырылган долбоорлордун ар бирине токтолуп, иш-чаранын катышуучуларына 600 томдук «Түркстан жыйнагынын” электрондук көчүрмөсүндөгү материалдар тууралуу айтып, Кыргызстан калкына акысыз пайдаланууга берилет деди.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Манас универстети Тарых жана маданият жылына карата кошкон салымы катары 6 долбоордун үстүндө иштеп, иш жүзүнө ашырганын белгиледи. «Көчмөндөрдүн тарыхый, маданий, этнографиялык мурастарын дүйнөгө таанытуу, даңазалоо биздин максатыбыз деп билебиз, андыктан 2017-жылы Көчмөндөр оюндарын изилдөө институтун жана тарых жана маданият музейин ачууну пландап жатабыз. Биздин тархыбыз бир жана көчмөндөр цивилизациясы бабалардан калган мурас жана ал жалпы түрк калктарына тиешелүү. Ошондуктан бир топ долбоорлорду ишке ашырып, Түрк дүйнөсүнө белек кылалы деген оюубуз бар.», - деп бул ишке салым кошуп, көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.

Университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев ишке ашырылып жаткан долбоорлор КРнын Президентинин жана ϴкмөтүнүн колдоосу менен башталганын баса белгилеп: “Материал топтоо жана аны даярдоо иштерине кылдаттык менен  ар бир иштин сапатына басым жасадык. Маселен, илимий конференция, симпозиумдарда макала тандоодо анын сапатына, окумуштуунун даражасына өзгөчө көңүл бурдук. Иштин жыйынтыгында эми биз коомчулуктан сын-пикир, сунуштарды күтөбүз. Ошол китептерди баарыбыз окуп, адистер баа берип, кемчиликтери болсо оңдосок, келечекте сапатын дагы жогорулатып чыгарууга аракет кылабыз. Мындай долбоорлорго Түркия менен Кыргызстандын эле адистери эмес, Кыргызстандагы башка дагы илимий уюмдар, ЖОЖдун адистери да катышса, балким мындан да ары кызыктуу, ары маңыздуу жана кемчиликтерсиз, бүтүндөй билим адамдарынын, коомчулуктун кызыгуусун жарата турган китептер чыгышы мүмкүн”, - деди.

Ал эми КРнын Президенттик Аппаратынын Этникалык жана диний саясат бөлүмүнүн эксперти С.Тажиматов Манас университетинин жетекчилиги менен академиялык жамаатына маанилүү иштери үчүн КРнын Президентинин атынан ыраазычылык билдирип: “Тарых жана маданият жылында бир топ маанилүү иш-чаралар өттү. Тарыхчы-илимпоздорубуз архивдеги тарыхый материалдарды ачып, 1946-жылындагы Үркүн боюнча терең изилдөөлөрдү жүргүздү. Ал эми маданият жаатында дүйнө жүзүнө Көчмөндөр оюнун таанытууга жетиштик жана кылымдарды карыткан көчмөндөр тарыхын жоготпостон, муундан-муунга жеткирип, дүйнө цивилизациясына өз салымын кошуп келгендигин даңазалап, көчмөндөрдүн дүйнөдөгү орду жана келечеги кең экендигин бүткүл дүйнөгө даңазалай алдык.”, -деди.

КРнын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчы С.Раев дирекциянын атынан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жалпы жамаатын 2016-жыл Тарых жана маданият жылында кошкон өзгөчө салымы үчүн диплом менен сыйлады. “Бул жыл кыргыз элинин тарыхында руханий жыл болду. Биз президенттик деңгээлде баа берип, улуттук маданиятка өзгөчө көңүл бура алдык. Улуттук тарыхыбызда жаңы бир руханий эра башталды десем жаңылышпайм. Жалпысынан 78ден ашык иш-чаралар өттү. Ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин салымын айтпай кетүүгө болбойт, 20 жылдын аралыгында 5000ден ашык бүтүрүүчү-адистерди даярдады, бүгүнкү күнү Манас университети Кыргызстанга билим берүүнүн жаңы форматын көрсөтүп, кыргыз улуттук билим берүү системасында эң алдыңкы университет болууга жетишти. Кыскасы интеллектуалдык инвестор боло алды.”, -деп көчмөнмөндөр цивилизациясынын тарыхына токтолуп өттү.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин иш-чаранын катышуучулары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Археологиялык музейи жана 600 томдук «Түркстан жыйнагынын («Туркестанский сборник»)» электрондук көчүрмөсү менен таанышышты.

“Түркстан жыйнагы” (орусча "Туркестанский сборник") – өз ичине чакан макаладан тарта көлөмдүү эмгектерге чейин камтыган “кичи архив жана китепкана”. Анда Борбордук Азиянын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык, саясий, маданий тарыхы жана этнографиясы тууралуу мол материалдар топтолгон. Жыйнак 1868-жылдан тартып Санкт-Петербург шаарында топтоло баштап, Ташкен шаарында улантылган. Жыйнактын жападан-жалгыз түп нускасы Ташкенде сакталууда. Эми илимпоздор анын электрондук көчүрмөсүндөгү мол маалыматты КТМУнун китепканасынан ээн-эркин окуй алышат. Ошондой эле жалпы кыргызстандыктар акысыз пайдалана алышат.


Загрузка плеера...


Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү Университетте Тарых жана маданият жылына карата бир нече долбоорлорду таанытуу иши-чарасы болуп өттү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться