Жарманке бүгүн Москвада Большая Ордынка көчөсү-62 дарегиндеги элчиликтин конок үйүндө саат 14:00дө башталат.
Москва шаарында Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн азык-түлүк товарларынын жарманкеси бүгүн 16-декабрда өтүп жатат. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди."Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде азык-түлүк көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Көргөзмөгө Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн айыл чарба азыктары коюлат. Мында кыргыздын тамак-аштары да сунушталат", - деп жазылат билдирүүдө.Маалыматка ылайык, жарманке Большая Ордынка көчөсү-62 дарегиндеги элчиликтин конок үйүндө саат 14:00дө башталат.