Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Уркуя деп аталып калган “Отко таазим” тасмасы



Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Аталган программанын алкагында бүгүн Отко таазим” тасмасы тууралуу сөз кылабыз.

 

Уркуя деп аталып калган “Отко таазим” тасмасы

Кыргыз кино тарыхын дагы бир кереметинин бири эл арасында “Уркуя” деп аталып калган “Отко таазим ” тасмасы. Тасма ошол кезде чыныгы тарыхты чагылдырып бергени бааланган, бүгүнкү күндө болсо ага кошумча эле кыргыздын улуу таланттарынын элесин сактап калгандыгы менен да бааланып келет.

Тартуучу топ:

Режиссёру - Төлөмүш Океев

Оператору - Кадыржан Кадыралиев

Композитор- Таштан Эрматов

Койгон сүрөтчү- Сагынбек Ишенов

Тартылган актерлор:

Уркуя-Таттыбүбү Турсунбаева

Колдош- ИскендерРыскулов

Ажы аксакал-Муратбек Рыскулов

Уркуянын энеси-Сабира Күмүшалиева

Үтүр уста-Сүймөнкул Чокморов

Үтүрдүн аялы-Жамал Сейдакматова

Устанын шакирти Барпы-Бакирдин Алиев

Барпынын аялы-Кеңеш Курманалиева

Советбек Жумадылов-Мойдунов жана башкалар.

Сюжетин эске салсак:

Кыргызстанга Совет Өкмөтү орноп, байлар мал-мүлкүн өз эрки менен Өкмөткө өткөрүп жаткан мезгил. Дүнүйөсүнөн ажырагысы келбеген байлар басмачыга айланып, малдарын алып тоого качышат. Алар элден бөлүнүп жан баккандары аз келгенсип, революционерлердин көзүн тазалоону максат кылышат. Өз эрки менен малын өкмөткө өткөргөн байлардын арасында Ажы деген ак сакал болот. Бул адам өкмөт адамы болуп көрүнгөнү менен, ичинде дайыма байларды колдоп келет. Колхоз куралып ага башкарма шайлоо керек болгондуктан, Ажы чал “бул эми аял да, эл башкара алмак беле. Ошентсе да шайлап коёлу, баары бир кайра түшөт. Анан өзүбүздүн адамдардан шайлайбыз” деген ой менен Уркуяны башкармалыкка көрсөтөт. Элдин колдоосу менен Уркуя башкарма болуп, ишин мыкты алып кетет. Муну көрө албаган басмачылар түнкүсүн кампадагы эгинди уурдап кетишип, “Уркуя эгинди жеп койду” деген жалган жалаа менен түрмөгө отургузушат. Уркуя кичүү баласын түрмөдөн төрөйт. Акыры кедейдин кызы, басмачынын аялы буудайды Уркуя албагандыгын айтып, башкарманын актыгын далилдейт. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, башкарма келин түрмөдөн чыккандан кийин дагы байларды кулакка тартып, түрмөгө каматканын токтотпойт. Алы жетпеген басмачылар күйөөсү Колдошту Уркуяга кайраштырып, өч алууну ойлошот. Антсе да максаттарына жетишпей акыры Уркуяны жана жолдошун мууздап, үйүн өрттөп тынышат.

Тасманын дареги:

Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" чыгармасынын негизинде 1971-жылы тартылган. Кино баш-аягы эки жыл ичинде тартылып, монтаждалып бүткөн. Тасманын негизги өзөгү азыркы Баткен облусундагы Сан-Сарай айылында, Тажикстандагы Исфара шаарында тартылган.  

Сиз көрбөгөн кадрлар:

Актерлор күнүгө “киного түшөбүз” деп талаага барышчу. Барса эч нерсе жок, түшкө чейин аялдар ушак айтышып, эркектер карта ойноп отурушчу. Нааразы болуп режиссерго кайрылганда, Төлөмүш Океев “30-жылдары силердей апакай, жүздөрү жылмакай адамдар болгон эмес. Кичине күнгө күйүп, алыңар кетип, суусап, ачка болуп шалпая түшсөңөр, анан тартабыз” деп жооп берген экен.

Уркуянын улуу баласынын ролун Таттыбү­бүнүн өз баласы, кийинки эки баласынын образын кошунасынын балдары жараткан.

Тасманын эң опурталдуу жери басмачылар Уркуяны кү­йөөсү менен мууздап, анан үйүн өрттөп жибергени болгон. Ал эпизодду тартуу үчүн кадимки ылайдан курулган үйдүн сыртына тегерете майга чыланган матрацтар тизилген жана ширеңке жагылган. Аллолонгон отко карабай оператор  Кадыржан Кадыралиев эки көзүн гана ачык калтырып, кийимдерин улам сууга чылап кийип, тарткан.

Кинону тартуу учурунда Жамал Сейдакматова боюндагы тун баласынан ажырап калган.

Артисттер бошой калганда эле Баткендин өрүгүн жеп, токой аралап кетишчү.

Кеч киргенде артисттердин баары тогуз коргоол, тринка (карта оюну) ойношчу.

Актерлор:

Таттыбүбү Турсунбаева

Улуу актриса, кыргыз театры менен киносунун жылдызы, айчырайлуу талант. Атагы таш жарган сахна жылдызы 1944-жылдын 12-июлунда жарык дүйнөгө келген. Улуу талант Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек кыштагында төрөлгөн. Чоң атасы Турсунбай жаңы көз жарган ымыркайга Таттыбүбү деген ат коет. Бул ысым кыргыз киносунда, кыргыз маданиятында кандайдыр касиеттүү сулуулукту даңазалагандай таасир берип, таттуу тилек , ары ысык, ар бир театр сүйүүчүнүн жүрөгүндө жалындап, кыргыз театрынын сахна жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева деген ысымды эстетип турганы турган.

“Ай баратат” ыры Таттыбүбүгө арналып жазылган. Аны агасы Нуркан Турсунбаев жазган.

ИскендерРыскулов

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун тун уулу. И.Рыскуловдун Ош кыргыз драма театрыннын сахнасында койгон, алгачкы “Эч кимге айтпа” (авт.Т.Абдумомунов) спектаклинен тартып эле кыргыз театр режиссурасына чыгармачылык фантазияга бай, метафоралык образдуулуккка умтулган, ушунусунан улам эч кимдикине окшобогон өз жүзү бар, мурдагы режиссерлор сыңары адабий түп нускага көз каранды болбогон, жалаң гана театрдын “тили” менен ойлогон таланттуу инсандын кошулганы айгине болгон. Ушундан тартып И.Рыскулов областтык театрдын сахнасында ондонгон мыкты спектаклдерди жаратты.

Муратбек Рыскулов

Муратбек Рыскулов 1909-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кайрыма айылында туулган. Таланттуу актёр бүт өмүрүн искусствого арнап, кыргыз театрынын түптөлүшү үчүн кызмат кылып, кыргыз актёрлорунун устаты болгон. М.Рыскулов 1974-жылы оорусуна карата жасалган операциядан кийин жакшы боло албай 65 жаш курагында бул дүйнөдөн узап кеткен.

У. Шекспирдин “Отеллосунда” Отеллонун, “Король Лиринде” Лирдин, К.Жантөшевдин “Курманбегинде” Тейитбектин образдарына түбөлүктүү өмүр берип кеткен. Ал эми кино тармагында жараткан биринчи образы 1949-жылы тартылган “Алитет тоо таянды” аттуу тасмадагы Ваалдын образы болгон. Актёр “Салтанат”, “Муз жүрөк жөнүндө баян”, “Тянь-Шань кызы”, “Бакайдын жайыты”, “Ашуудагы ок атуу”, “Ак мөөр” тасмаларында негизги ролдорду ойногон.

Сабира Күмүшалиева

Касиеттүү Чүй боорунда жайгашкан Тө­көл­дөш айылы атагы алыска кеткен көптөгөн чыгаан инсандардын кичи мекени. 1916-жылы жарык дүйногө келген.

Улуттук сахнанын чебери, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл артисти, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты Сабира Күмүшалиеванын 1934- жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында чыгармачылык тушоосу Касымалы Жантөшевдин “Карачач” драмасындагы Карачачтын ролу менен кесилген. Ал Фрунзе шаарындагы педагогикалык техникумдун даярдоо курсунда окуп жаткан.

 Кыргыздын профессионалдык театрынын жаңыдан телчиге баштаган ошол мезгилинде театрдын труппасын таланттарды тандоо менен толуктоо болуп жаткан. Сабира Күмүшалиева ошентип турмуш менен сахна жашоосунун айкалышкан сабагын алып, улуу университеттен өткөндөй тагдырга туш келди. Атактуу актриса биринчи аткарган ролунда эле образга терең кирип, турмуштун өзүндөй ойногон.

Жамал Сейдакматова

Жамал Сейдакматова 1938-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы Улуттук кыргыз драма театрына кызматка алынып, чыгармачылык чыйырын баштайт. Алгач 1958-жылы тартылган “Алыскы тоолордо” деген кино тасмада Зиягүлдүн ролун аткарып, кино өнөрүндө тушоосу кесилет.

Ал “Уркуя”, “Улан”, “Ак илбирстин тукуму”, "Караш-караш”, “Тянь-Шандын кызы”, “Алтын күз”, “Эрте жаздагы турналар” жана башка ондогон кинолордо ар түрдүү кейипкерлердин бейнелерин мыкты жарата алды.

Кыргыз драма театрында болсо Каныкей баш болгон каармандардан тартып, жүзгө чукул спектаклде ар түрдүү ролдорду ойноду.

Сүймөнкул Чокморов

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган жана 1992-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Анын табият тартуулаган таланты алгачкы ирет 1968-жылы режиссер Б.Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" фильминдеги башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруусунда эле ажайып ачыкка чыккан.

Суймөнкул Чокморов буга чейин киного тартылып көрбөгөндүгүнө карабастан Бактыгулдун ролун такшалган таланттуу актерлордун деңгээлинде ойногон.

Ал түзгөн образ 1968-жылы Ташкент шаарында өткөн Азия жана Африка өлкөлөрүнүн фильмдеринин фестивалында эң мыкты ойногон роль катары таанылган.

"Караш-Караш окуясы" фильмине удаалаш Данияр ("Жамийла", 1969-жылы), Хожаев("Атайын комиссар", 1970-жылы)Карабалта("Касиеттүү Ысык-Көл", 1971-жыл) Азат ("Улан", 1977-жыл)жана башка фильмдерге негизги ролду ойногон.

Анын экинчи белгилүү ролу өзбек киносундагы "Жетинчи ок" фильминдеги милиция отрядынын командири - Максумовдун образы болду.

Бул фильмде Максумов (Сүймөнкул Чокморов) баштан аяк басмачылар менен кармашат.

Мына ушул окуяларды тартуу учурунда актерго эчен татаал эпизоддорду (атчан жыгылуу,сууга секирүү өңдүү)дублерсуз аткарууга туура келгендиктен анын таң калаарлык чыдамкайлуулугу жана ат үстүндө эң мыкты журо билиши экранда ишенимдүү мүнөзгө ээ болуучу образды жаратканга көмөкчу болгон.

Уркуя Салиеванын каарман кыргыздын аялзаты экендигин даңазалаган бир катар эмгектер жаралган. Алардын катарында белгилүү скульптор Тургунбай Садыковдун «Революциянын баатырлары» аттуу мемориалдык эстелигин айтууга болот. Кыргыз улуттук адабиятында Уркуя Салиеванын совет доорунун алдыңкы аялдарынын бири катары даңазалаган жазуучу Насирдин Байтемировдун «Тарых эстелиги» аттуу романы Уркуянын образын жеткиликтүү чагылдырып, калк арасына анын ишмердүүлүгүн жайылткан бирден-бир чыгарма катары калды. Ушул эле чыгарманын негизинде тартылган таланттуу режиссер Т.Океевдин «Отко таазим» тасмасы кыргыз фильминдеги реалдуулукту ийнине жеткирип көрсөткөн кинотасма.

 

Даярдагандар: Гүлзира Кеңешова

                         Аят Бакаева

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться