Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү

Университетте менеджмент боюнча семинар болуп өттү.



Университеттин «Инсандык өнүгүү» клубу тарабынан өткөрүлүп келе жаткан кезектеги семинардын коногу окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы болду. 25-ноябрь күнү Турмуш тиричиликти тейлөө имаратында өткөн семинардын темасы «Менеджмент» деп аталды.
Семинардын жүрүшүндө университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы студенттерге башкаруучулук, жетекчилик иштери, жетекчи жана лидер болуунун сапаттары, деги эле башкаруунун маданияты тууралуу өзүнүн 30 жылдык bиш тажрыйбасынын мисалында айтып берди.
Ректор Себахаттин Балжы: «Лидерлик табияттан берилген жөндөмдүүлүк. Лидер - бул төрөлгөндөн баштап, кандайдыр бир лидерлик сапаттарга ээ болгон, күчтүү, акылдуу, чечкиндүү, көрөгөч, кырдаалды баалап анализдей билген, жалпы топтун атынан чыгып, башкарууга жөндөмдүү болгон адам.», деп, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып, Түрк элинин урмат-сыйына татыган улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрк жана Фатих Султан Мехмет сыяктуу улуу жетекчилер билимге өзгөчө маани берип келишкендиги жана алардын жогорку билимдүүлүгү менен маданияттуулугунун аркасында дүйнөгө тынчтык, бакубатчылык жана адилеттүүлүк орногонун баса белгилеген ректор - «Эгер силер лидер болгуңар келсе, анда лидерге тиешелүү сапаттарды өнүктүрүүңөр керек жана өзүңөрдү өстүрүүгө аракет кылгыла», - деген кеңешин берип, студенттердин суроолоруна да жооп берди.
Аталган семинар эстеликке сүрөткө түшүү жана кечки тамак үстүндө пикир алышуу менен соңуна чыкты.

Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү Ректор Себахаттин Балжы башкаруучулук жолу тууралуу семинар өттү

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться