Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Манас радиосунда , “Кыргыз Киносуна саякат” программасы.



Ар шаршемби жана жума күндөрү, саат 16:00 17:00 арасы “Кыргыз киносуна саякат”- берүүсүн угуңуз. Аталган программанын алкагында бүгүн “Бөрү зындан” тасмасы тууралуу сөз кылабыз.

 

Кыргыз киносуна саякат : Бөрү зындан

Советтер союзунун  учурунда тартылган тасмалардын арасынан өтө бир популярдуулуккка ээ болгон “Бөрү зындан ” тасмасынын тартылуу тарыхын жана кызыктуу окуяларын ачып  берүүнү туура көрдүк.

Тартуучу топ:

Койгон режиссёр- Болот Шамшиев

Сценарий- Болот Шамшиев, Эркин Абишев

Койгон оператор- Манасбек Мусаев

Композитор- Виктор Лебедев

Үн оператору- Николай Шарый

Койгон сүрөтчү- Жолдошбек Касымалиев, Эркин Салиев

Декорация- Д. Коргонбаев

Монтаж- С. Орозалиева

Редактор- М. Гапаров

Тартуучу топтун мүдүрлөрү- Н. Зарипов, Н. Медеров

Башкы консультанттар-  полковник Ж. Акматов, подполковник А. Суталинов, полковник К. Талканчинов, полковник В. Чернецкий

Тартылган актерлор:

Талгат Нигматулин- Самат Касымов (башкы роль)

Айтурган Темирова- Ажар (башкы роль)

Кенебай Кожабеков- Муса Шарипов, Бабахан (башкы роль)

Жоробек Аралбаев- капитан Маликов

Сүймөнкул Чокморов- полковник Турабаев

Мурат Мамбетов- Композ

Николай Крюков- генерал Тимофеев

Орозбек Кутманалиев- Арзымат

Тохтахун Бахтыбаев — Саид-Лагман;

Анатолий Плюто — Рваный (Цыган);

Венера Нигматулина — Мариям;

Бекин Сейдакматов — Рахим   ж.б.

Тасманын сюжетин эскерте кетсек, эч бир таянар тоосу, тиреги жок  Самат Касымов жергиликтүү урматтуу адам- Муса Шариповго жардам сурап кайрылат. Урматтуу, сыйлуу согуштун ардагеринин аркасында кылмыштуу топтун Бабахан аттуу лидери турганын эч билбейт. Ошентип, эч нерседен күмөн санабаган Самат кылмыштуу топтун “курьери” болуп калат...

Азыркы заманда “мафия, уюшкан кылмыштуулук” деген сөздөр жаңылык деле эмес. Ар бир кичинекей бала эмне экендигин түшүнөт. Бөрү зындан тасмасы жаңы тартылган кезде совет адамдарында мындай түшүнүк эмес, бир адамда ушунчалык байлыктын болушу мүмкүн экендигин да билишчү эмес. Эгер бир адамда Бабахандыкындай байлыгы болсо “Анча акчаны кайжакка сарптайт?” деген жаш баланыкындай суроо пайда болмок. Себеби ал кезде азыркыдай жаркыран текчелерде кардарларга керектүү буюм тайымдар толуп турчу эмес экен.

Ал учурда элде баңгизат, көп акчалуу болуу деген түшүнүк болбогондуктан, элди кооптонууга алып келбөө үчүн тасманын кээ бир көрүнүштөрүн кайрадан өзгөтүшкөн. Демек баштапкы сценарий баштан аяк жаңы чапан кийүүгө аргасыз болгон.

Тасманын дареги:

Тасманы 1981-1982 жылдары атактуу режиссер Болот Шамшиев тарткан. Сценарийин да Болот Шамшиев өзү  Эркин Абишев менен  жазган. Ош, Андижандан мыкты жерлерди издеп, ошол жерде тартышкан.  Чоң экранга 1984-жылы Москва шарында чыккан. Прокатка чыгып турган учурда 21 млн 400 миң көрүүчү тасмага күбө болгон. Мындан тасманы жаратуучулар 100 млн доллардан ашык пайда алышкан.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Шамшиев ал кезде жаш болгонуна карабай, ушундай жоопту тасмага киришиптир. Канчалык кыйынчылыкты көрүп тартышса дагы эмгеги текке кетпей, азыркыга чейин өз популярдуулугун жоготпой келет.

Тасманы тартуу тарыхы:

Тартуу иштери 1983-жылы аяктаган. Бет ачары болсо 1984 жылы Москвада болгон. Тасма жаратуучулардын айтымында СССР учурунда кино тартууга да чын акчаларды колдонушчу. Сценарий боюнча кылмышкерлердин бири реалдуу банкнотторду сууга ыргытат, алар ары жакка аккандан кийин эки милиционердин кайтаруусунда чогултулуп, кургатылып кайра кийинки кадрларына колдонулган.

Сиз көрбөгөн кадрлар:

Мындан тышкары Бабахандын ролун аткарган казак актеру Кененбай Кожабеков чыныгы жашоодо да  майыптар үчун отургучта отурган. Тасмадагы каарман сыяктуу эле 60-жылдары кылмышкерлер менен болгон чаташууда майып болуп калган. Бирок ага карабастан тасмада каардуу Бабахандын ролун мыкты аткарып берген.

Тасма кычыраган кышта тартылган. Бирок тасмада жай мезгилин көрсөтүү зарыл болгондуктан, тегерек четтеги карларды күрөшүп, жасалма дарак жана гүлдөрдү коюшуп, жука кийимдер менен тартылышкан.  "Искусство ар дайым курмандыкты талап кылат" деген ушул экен.

Актерлор:

Талгат Нигматулин

Башкы ролдо ойногон, Самат Касымовдун ролун аткарган Талгат Нигматулин аттуу  таланттуу актер азыр биздин арабызда эмес. Бирок андай болсо да, биз аны тартылган тасмаларынан көрө алабыз. “Бөрү зындан”дан сырткары Талгат Нигматулин 20 дан ашуун тасмада роль жараткан. Алардын көрүнүктүүлөрү деп “20-кылымдын каракчылары” тасмасын айтсак болот. Ал бир гана актер болбостон, режиссер да, сценарист да, каскадер да болгон.  1985-жылы 11-февралда кол салуудан улам набыт болгон. Элдин көбү өлүмүнүн себебин, “Төртүнчү жол” аттуу жашыруун сектага мүчө болгондугу менен түшүндүрүшөт.

Айтурган Темирова

Тасмада үч муундун ролун аткарган КРнын эл артисти, белгилүү киноактриса Айтурган Темирова өтө жаш кезинен кыргыз кинолоруна тартыла баштаган. "Кыргыздын кереметинде" өз орду, өз салымы бар кино жылдыздарыбыздын бири. Алгачкы тартылган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильминен баштап "Эрте жаздагы турналар", "Ак кеме", "Бөрү зындан" "Фудзиямадагы кадыр түн", "Көзгө атар" , "Он үчүнчү небере" фильмдеринде эң сонун образдарды жараткан. Ошол эле учурда Айтурган эже кубулжута ырдаганда үнүнүн мукамдуулугу, тунуктугу сезимдериңди алыска жетелейт. Тагдырдын буйругу менен учурда чех улутундагы адамга турмушка чыгып, алыста жашап жатат.

Кененбай Кожабеков

Бабахандын образын майын чыгара ачып берген казак актеру Кенебай Кожабеков 1928-жылы 3-мартта төрөлгөн.  Жашоосунда баш-аягы 30дан ашуун тасмада ойногон.

Жоробек Аралбаев

1957-жылы 24-январда Таш-Көмүр шаарында туулган. Баш-аягы 20дан ашуун фильмге тартылган. Анын 6сы кыргыз, 14ү орус тасмасы. Кыргыз фильмдеринин алтоосунда тең башкы ролду ойногон.

Мурат Мамбетов

“Бөрү зындан” тасмасынан Композдун ролун, кийин “Чиркин өмүрдө” Жаздыктын ролун мыкты деңгээлде аткаруу менен элге таанылган Мурат Мамбетов аттуу актер жана режиссер агайыбызды азыркыга чейин Композ деп аташат экен. Бул тасманын элге жакканынан.  Анын тартылганына 34 жыл болсо да, азыр Мурат Мамбетовду элдин жарымы Жаздык дешсе, калган жарымы Композ дале Композ дешет.

"Бөрү зындан" тасмасы азыркы учурда да өз ордун, актуалдуулугун жоготпой, карылардан жаштарга чейин көрүшсө, ошол убакта кинонун абройу, популярдуулугу өтө эле жогору болгон десек жаңылышпасак керек.

Даярдаган : Гүлзира Кеңешова  

Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата Кыргыз Киносунун 75 жылдыгына карата

Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться