Чындык » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чындык

Тата Улан
7 November, 16:49 · 0 комментариев · 8119 просмотров


Сөзү : Семетей Күрөңкеев
Обону: Семетей Күрөңкеев
1
Айта турган сөзүм бар сага
Укчу досум көңүл бурчу мага
Алыс жерге аттанып кеткем
Ачка болуп акча жок убакта

Азап көрдүм жашымды төктүм
Мен көргөндү сен көрбөй өткүн
Өзүмө окшогон жетимдер менен
Өлбөстүн күнүн бирге өттүм

"Кудай деген" кур калбайт билем
Бирок кайсы Кудай мени менен

Кайырма:

Ооо Жараткан!     
Жалбарам,   жарык бер!
Баратам, сени издеп,
Караңгы жол менен.

Ооо Жараткан!
Жалбарам,   бакыт бер!
Пендеңе, элинен,
Аргасыз адашкан.

2
Байлык издеп башка жерлерден
Бакыт издеп башка элдерден
Башка калктын жараны болдуң
Башты тартың үйгө келгенден

Балдарыңар тилин унутту
Билсе экен Кыргыз улутун
Билинбестен миңге чачырап
Болбосо экен дилин унутуу

Өзгө элде өз болсоң деле
Өскөн жерге өлүгүң келет.

3
Бүгүн ачка, эртең ток болоор
Бүгүн байсың, эртең жок болоор
Бүгүн үйдөн алыс кеткендер
Бир күн буйруп кайра топтолоор

Бүгүн эмес эртең бүт болоор
Бүгүлбөгөн элге күч толоор
Мага окшогон миң деген Кыргыз
Мекенине кайтып кут толор

"Кудай деген" кур калбайт билем
Кур намысты курчанып жүрөм.


Add comments

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться