Манаста II Эл аралык симпозиуму өтүп жатат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 27-28-октябрь күндөрү “Түрк элдеринин салттуу спорттук оюндары” аталышында II Эл аралык симпозиум жүрүп жатат. Эки күнгө созулган симпозиумдун негизги максаты - көчмөндөрдүн тарыхый, маданий, этнографиялык мурастарын дүйнөгө таанытуу болуп эсептелет. Симпозиумда түрк элдеринин салттуу спорттук оюндарын илимий жааттан тереӊ жана ар тараптуу изилдөө аркылуу пикир алмашуу, салттуу спорттук оюндардын келип чыгышы, калыптануусу, тарыхый-этнографиялык мааниси жана жалпы түрк калктарынын дүйнө маданиятына кошкон салымы кеӊири талкууга алынууда.
Илимий жыйынга КРнын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн жетекчиси З.Эргешов, II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы катчысы С.Даниленко, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын илимий иштер боюнча координатору К.Мамбеталиев, Евразия маданият жана спорттук кызматташуу коому төрагасы Ахмет Түзүн, университетет жетекчилери жана ондон ашык өлкөнүн: Кыргызстан, Азербайжан, Россия, Кытай, Афганистан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Америка, Түркия, Таджикистан, Марокко жана Украинанын көрүнүктүү окумуштуулары катышууда.
Иш-чаранын ачылышында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы иш-чаранын максатына мындайча токтолду. “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө уюштуруучулардын бири болгонубузга абдан кубанычтабыз. Аталган симпозиум түрк элдеринин көчмөндүк маданиятын, баалуулугун, тиричилигин, нукура көчмөндөр оюндарын дүйнө жүзүнө илимий эмгектер менен таанытуу максатында бул жылы 2 жолу өткөрүлүп жатат. Алдыда 2 күн бою 11 өлкөдөн келген окумуштуулардын илимий билдирүүлөрүнө күбө болобуз.”, -деп илимий иштин жүрүшүнө ийгилик каалады.
Биринчи проректор, профессор А.Кулмырзаев түрк дүйнөсүнүн байлыктарын, маданиятын, тарыхый мурастарын таанытуу Манас университетинин да негизги максаты экенин белгилеп: “Бул жолку Көчмөндөр оюну масштабы жагынан кескин айырмаланып, жогорку деңгээлде өттү. Анда 62 өлкөнүн өкүлдөрү салттуу спорттук оюндар боюнча күч сынашты. Дүйнө жүзүндө жашаган далай эл тарыхын, салтын сактай албай жоголуп кетишкен. Ал эми кылымдарды карыткан көчмөндөр тарыхын жоготпостон, муундан-муунга жеткирип, дүйнө цивилизациясына өз салымын кошуп келет. Көчмөндөрдүн дүйнөдөгү орду жана келечеги кең. Андыктан биз көчмөндөр цивилизациясынын бийиктигин бүткүл дүйнөгө илимий жол менен гана жеткире алабыз.”, - деп айтты.
КРнын Президенттик аппараттын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен иштешүү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Заирбек Эргешов: “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарын өткөрүү менен кыргыз элинин маданий тарыхы дүйнөгө дагы бир жолу таанылды. Биз күч жана рух биримдигин көтөрүү менен дүйнө жүзүнө түрк элдеринин биримдигин даңазаладык.”, - деди.
Ал эми Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын башкы катчысы Сергей Даниленко Көчмөндөр оюнунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, түрк элдеринин этноспорттук оюндарынын түрлөрүн дүйнөгө таанытып, жайылтууга бардык күчүбүздү жумшайбыз деген оюн билдирди.
Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен кыргыз эли тарыхый кошуналарды этностук тегине, маданий айырмачылыктарына карабастан бир ынтымакка чакыруу, тынчтыкты, достукту даңазалоо менен айкөлдүк сапатын дагы бир жолу тастыктады дейт «Мурас» коомунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин.
Ачылыш сөздөрүнөн кийин иш-чара секциялык отурумдарга бөлүнүп, анда окумуштуулар симпозиумдун жүрүшүндөгү көтөрүлгөн илимий маселелерди комплекстүү кароого, терең талдап изилдөөгө өтүштү.
Эске салсак, биринчи жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү демилгесин 2012-жылы Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев көтөрүп чыккан. Анын сунушу Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңеши тарабынан колдоо таап, 2014-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облусунун Чолпон Ата шаарында өткөрүлгөн.
Радио-ТВ мүдүрлүгү
ММК жана коом менен байланыш бюросу