Акындардагы төкмөлүк өнөр тек гана кыргыз жана казак элдерине мүнөздүү. Төкмөлүк өнөр ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас, белек деп айтсак жаңылышпастырбыз. Айрыкча кыргыз эли акындыкты башынан кастарлап, кылычынан кан тамган хандардын тушунда да “бир элчиге, бир ырчыга өлүм жок” деп, ырчынын өлүм жазасын да кечишкен жана аларды башынан барктап-сыйлап келишкен.
Жазуу-сызуусу жок элде элдин башынан өткөн ири окуялары, тарыхы акындардын өнөрпоздук жаратмандыктарында айтылып сакталып келген тура. Андан калса, кыргыз элиндей сөз баккан, сөз маанисин аздектеген эл чанда болуу керек. Ошон үчүн кыргыздар акындыкты ардактап, ичкен ашын жерге коюп аларды урматташкан, чыгармачылыгын даңкташкан. Акындар да эл сыймыгына маашырланышып, ашкан жаратмандыктары менен көрүнүүгө дилгирленишкен. Демек, акындардын сынчысы эл болгон. “Акын” деген өнөр-кесип болуп саналган жана “акын” деген атакты эл берген. Андыктан кыргыз журтчулугунда акындык күчтүү өнүккөн. Айрыкча, анын жогорку баскычы, бийик үлгүсү төкмөлүк болуп саналат.
Төкмөлүк өнөр эл алдында акындар айтышында сыналып, курчуп жетилип, барып-барып ыр нөшөрүнө айланат. “А” деп оозун ачканда эле айта турган оюна карата ыр саптары куюлуп жүрүп отурат. Андагы сөз тандалмалары, берген ой туюмдары, түзгөн уйкаштык ыргактары керемет көркөмдүктө болот. Андай чыгаан төкмө акындар кыргызда байыртан бери бардык мезгилдерде болуп келген, азыр да алаканыбыз кур эмес. “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол” деген акындык өнөрүнөн аңыз болуп аты калган белгисиз мезгилдин белгилүү акынынан баштап, Балык ооз, Нур Молдо, Айтике, Эсенаман, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул Сатылганов, Калык, Барпы, Сагынбай, Арстанбек, Осмонкул, Алымкулдар өз мезгилинин төкмө акындары болуп саналат. Кыргыздардагыдай төкмөлүк өнөр менен айтылуучу объектиге, берилген багытка карата кезеги келгенде эле сөз таап, дем тартпай куюлуштуруп ыр төгүп, же Жеңижокчо бир “Аккан суу” тууралуу күн-түн айтып түгөтө албай, эч колдонгон шпаргалкасыз “Манас” океанындай ыр түрмөктөрү жадымында сакталып, ооздон-оозго, укумдан-тукумга өткөрүп айткан төкмө акындык өнөр кимде, кайсы элде бар экен? Көрсө, акындыктын мындай сапатына ээ болгон дүйнө жүзүндө эч бир элде жок экен. Бул кыргыз элине гана таандык феномендүү өнөр экен. Ушул төкмөлүк-акындык өнөрүбүз ООН тарабынан дүйнө элинин шедеврдик белгилеринин бири катары бааланган, Гиннестик китепчеге жазылгандыгы тууралуу биздин көрүнүктүү драматург-жазуучубуз Бексултан Жакиев жарыялап чыккан.
Ошентип, бир ууч эл болуп туруп, сөз өнөр жаратмандыктарыбыз менен дүйнөгө таанымалдыгыбызга сыймыктансак болот.
Даярдаган: Асел Шамилова