Административдик кызматкерлер жыйналышы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Административдик кызматкерлер жыйналышы

Манас университетинин административдик кызматкерлеринин жыйналышы өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин административдик кызматкерлеринин жыйналышы 21-октябрь күнү Экономика жана башкаруу факультетинин жыйындар залында өттү.

Жыйналыш баш катчылык тарабынан окуу жайыбыздын административдик кызматкерлеринин иш ордунан тартылган таанытуу тасмасынын көрсөтүлүшү менен башталды.

Жыйналыштын ачылыш сөзүндө университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев окуу жайыбыздын Түрк дүйнөсүндөгү орду жана анын ар тараптан татыктуу ийгиликтерге жетүүсүнө жалпы жамааттын, тагыраак айтканда административдик кызматкерлердин да эмгеги зор экендигин баса белгилеп, ар дайым улуттук биримдикте жана ынтымак ичинде иштеп келе жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдиришип, мындан ары да сапаттуу кызматында ар тараптуу өнүгүүгө багыт алуу керектигин айтышты.

Ал эми Баш катчы Зия Арпалы жыйын КТМУнун кызматкерлерине бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген окуу жайдын жетекчилигине ыраазычылык билдирүү жана ой-пикирлери менен бөлүшүү максатында уюштурулуп жатканын билдирди.

Кызматкерлердин атынан окуу жайдын башкы ашчысы Абузер Акгүн жана Чет тилдер жогорку мектебинин катчысы Назгүл Малабаева сөз сүйлөп, университеттин жетекчилигинин колдоосу жана түзүп берген шарттарына ыраазы экендиктерин билдиришти.

Жыйын дасторкон үстүндө даам сызуу менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы Административдик кызматкерлер жыйналышы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться