Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 19-октябрында Коммуникация факультетинин 2016-2017-окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.



Коммуникация факультетинин 3-курсунун Радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн студенти Арстанбек Дукуевдин 2016 –жыл “Тарых жана маданият жылына” арналып “Туулган жерим” деп аталган сүрөт көргөзмөсү менен башталган иш-чарага университет жетекчилери, факультеттин окутуучу жамааты жана студенттер катышты.

Коммуникация факультетинин деканы, профессор Хамза Чакыр сөзүн Түрк дүйнөсүнүн улуу акыны Юнус Эмренин ыр саптары менен баштап, окуу жылын ачык деп жарыялады. “Мен күткөндөн да жакшы заманбап технология менен жабдылган бул факультетте билимдүү, таланттуу студенттердин өсүп келе жатканы мени абдан кубандырды. Университеттин ураанында айтылгандай “келечек колубузда!” Медиа чөйрөсүндө билим алган студенттер диплом алуу менен эле чектелбестен, ар тараптан өнүгүп, баарынан маалым болуп туруулары керек. Факультетте бардык шарттар түзүлгөн, андыктан окуу жылдарыңарды текке кетирбей, туура пайдалана билгиле”, - деди.

Ал эми университет жетекчиси, профессор Себахаттин Балжы коммуникация факультети жаңы окуу жылын ийгилик менен баштап, “Көч” документалдуу тасмасынын дагы бир сыйлыкка ээ болушу менен чыгармачыл топту жеңиши менен куттуктады. “Биргелешип аракеттенүү чоң ийгиликке жеткирет. Талыкпай өмүр бою окуп, үйрөнүү, шык-жөндөмдү арттыруу мезгил талабы. Андыктан тынымсыз эмгектенсең ал ишиңдин үзүрүн сөзсүз көрөсүң”,- деп окуу жылынын ийгиликтүү болушун каалады.

Окуу жылынын биринчи ачылыш сабагын белгилүү адамдардын катышуусунда өтүү жөрөлгөсү Коммуникация факультетинде да жыл сайын өткөрүү салтка айланган. 2016-2017-окуу жылынын «Ачылыш сабагын» өтүү жөрөлгөсүнүн бул жолку коногу КТРКнын башкы мүдүрүнүн орун басары Кайратбек Иманалиев болду.

Журналистика адистигин тандап алган жаштарга журналистика жөн эле кесип эмес, чыныгы журналист болуу үчүн курч, тайманбас жүрөк, ыкчам ой жүгүртүү керек жана ал коомдун алдында жол көрсөткүч болууга тийиш экендигин айткан К.Иманалиев, маалымат журналистика чөйрөсүндө өзгөчө аракетчил гана адамдар карьеранын жогорку тепкичтерине чыга алат деп, Кыргызстандын Коомдук телерадиокорпорациясында иштеп, анын сырларын үйрөнүүгө чакырды.

Андан соң окуу жайдын Китепкана жана документация башкармалыгынын мүдүрү М.Ынакбеков менен Студенттик иштер боюнча башкармалыгынын мүдүрү М.Сардарбеков студенттерге китепкана жана студенттик кызматтардан пайдалануу жолдорун түшүндүрүп беришти.

Иш-чара студенттердин аткаруусунда чакан концерттик программа менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү Коммуникацияда жылдын ачылыш сабагы болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться