“Кагаздагы”- мектеп » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Кагаздагы”- мектеп

Мурас-Ордо конушу башка жаңы конуштарга салыштырмалуу статусу башка, ал жерлер расмий түрдө бюджеттик мекемелерде эмгектенген жарандарга  бийлик тарабынан бөлүнүп берилген. “Мыйзамдуу” конуш тургундарынын,  мыйзамдуу укуктары чектелип келет. 11 жылдан бери аталган конушка, бала-бакча эмес,  мектеп курулган эмес.



Күнүбүздө Мурас-Ордо конушунда 1422 түтүн бар, расмий каттоодо 5367 тургун катталган, мектеп жашындагы балдардын саны 1000 ден ашат. Мектепке балдар кышта, суук, карга, жазда баткак, саратанга карабай коңшу Озерный айылындагы 192 балага эсептелген мектепке 30 мүнөттөй, кээ бирлери бир саатай жөө барып окушат. Ал эми жогорку класстын окуучулары, акимчилик бөлүп берген автобус менен жол карытып Степное айылындагы мектептен билим алууга мажбур. Баарынан кызыгы, “Мектеп салынсын деп эки миллион сом которулуп, тастыктоочу документтер бар, бирок ортодо каражат жок, курулуш башталган эмес. “Бизди, бийлик шайлоого жакын эле эстейт! ” – дешет тургундар. Чын эле мектеп салынуучу жерге шагыл төгүлгөн экен, тургундардын айтымында шайлоо учурунда, бир саясий партия  “Кыйратабыз”- деп төккөн имиш.  “Башка конуштарга караганда бул конуштун, мектепке бөлүнгөн жер тилкеси деле бар, балдардын билими алуу укугу бузулуп жатат.”- дейт “Балдарды Коргоо Борборунун” социалдык кызматкери Таалай Жакыпбеков.

Озерный айылындагы 192 балага эсептелген мектепте 1500 ашык бала, 4 смена менен окушат. Аталган мектепте окуу классы жетпегендиктен, ата-энелердин аракети менен спортзал бөлүнүп класс бөлмөлөр жазалган. “Балдар абдан көп ага билим берген мугалимдер деле чарчаса керек, мен кызымды орус тилдүү класска берүүгө аргасыз болдум, кызымды эне тилинде билим алуусун каалагам эмне кылам?”- дейт Мурас-Ордо конушунун тургуну Бакытбек Молдалиев.

Аталган конуштун тургундары 6 класстын окуучулары менен баарылаштым, алар мага окуу класстарын көргөзүшүп, “Биздин жаңы мектебибиз 3 кабат болсо, үстү жабык спортзалы болсо, парта окуу каражаттары жетиштүү болсо, мугалимдери жакшы, урушчаак болушпаса.”- деп кыялдарын айтышты. “Келечекте ким болосуң,”-деген суроомо Дастан аттуу тестиер бала ; “Мен президент болом, элдин жашоосун оңдойм!”-деп шарт жооп берди. “Айтсанар силердин ойуңарча эмнеге мектеп салынбай турат?”-десем, “Акчанын баарын жеп алышкан го.”- деп чоң адамча жооп беришти.

Аруу балдардын, үмүт толгон, от чачкан көздөрүн көрүп чынын айтсам, чоңдугумдан  уялып кеттим, урматтуу бийлик өкүлдөрү келечегибизди уурдабагылачы!!(Ш.Б)

PS: Сүрөттөрүн тартып алууга, балдардан уруксат алдым

“Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп “Кагаздагы”- мектеп

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться