Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология

Манас университетинде электрондук мурун тууралуу семинар болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде ““Камина” электрондук  мурун (Электронный нос) жабдыгы жана аны Бишкекте биринчи жолу колдонуунун натыйжалары”  деген аталышта семинар болуп өттү.

Аталган семинар окуу жайыбыздын Инженерия факультетинин Тамак-аш инженериясы бөлүмү, Германиянын Карлсруэ жана Хафиф технологиялык институту менен биргеликте жүргүзүлгөн долбоордун негизинде уюштурулду.  

“Электрондук мурундун эт жана балдын сапатын аныктоодо колдонулушу” деген долбоордун негизинде Кыргызстанга Германиядан келген тамак-аш азыгын изилдөө боюнча адистер, доктор Иллона Каронзи жана доктор Илья Кислеев семинардын катышуучуларына тамак-аш багытындагы изилдөөлөрдүн жаңы технологиясы жана аны заманбап ыкма менен текшерүүнүн жолун жана принциптерин баяндап, кызыктуу маалымат беришти. Ошону менен бирге адистер өздөрү иштеген илим изилдөө институту тарабынан ойлонуп табылган “Электрондук жыт алгыч” деген жабдык менен да тааныштырып өтүштү.

Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология Семинар: Тамак-аш азыгынын сапатын аныктоодогу жаңы технология

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться