Улуттук банк маалымдайт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк маалымдайт

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Ч. Айтматовдун элеси чагылдырылган 300 сом номиналындагы жасалма банкноттун пайда болгондугу тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет.



Жалпыга маалымдоо каражаттарында Ч. Айтматовдун элеси чагылдырылган 300 сом номиналындагы жасалма банкноттун пайда болгондугу тууралуу маалыматтын жарыялангандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкүлөрдү билдирет. Азыркы учурда Кыргыз Республикасындагы улуттук валюталардын катары 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук номиналдарда гана сунушталат. Улуттук валютанын чыгарылышынын саны, номиналы жана коргоо белгилери тууралуу кеңири маалымат КРУБ веб-сайттындагы www.nbkr.kg/ Банктын милдеттери бөлүмүндө жайгаштырылган. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тууралуу” мыйзамына ылайык, акча белгилерин чыгаруу укугу бир гана Улуттук банкка берилген. Улуттук банк банкноттордун эскизин иштеп чыгуу боюнча дизайнерлер арасында сынак өткөрбөйт жана ушуга жараша жогоруда белгиленген 300 сомдук банкнот сынактарга катышкан эмес. Эгерде сиздердин колуңуздарда шек жаратуучу банкнот боло турган болсо, аны шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматка же Улуттук банкка кайрылып, ал жерден адистер банкнотко экспертиза жүргүзүп, анын нактыгын аныктап алуусу керек. Шек жараткан банкнотту сатууга аракет жасабаңыздар, анткени жасалма акчаны чыгаруучулар сыяктуу эле аны таркатуучулар дагы мыйзамга жараша жоопко тартылат. Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 198 беренесине ылайык, жасалма акчаны чыгаруу, сактоо же сатуу аракеттери үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекеттин пайдасына тартып алуу каралат. Ушул эле кылмыштар ири көлөмдө жана бир нече адамдын тобу менен жасала турган болсо, мүлкүн конфискациялоо менен он жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратылат.

Улуттук банк маалымдайт Улуттук банк маалымдайт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться