Улуттук банк журналисттер үчүн “Нак эмес төлөм” темасында окутуучу семинар өткөрүштү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуттук банк журналисттер үчүн “Нак эмес төлөм” темасында окутуучу семинар өткөрүштү

ЖМК адистерине арналган “Нак эмес төлөм” аталышындагы семинар узак мөөнөттүү билим берүүчү долбоор катары калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу алкагында өткөрүлдү.



Окутууга өлкөдөгү маалымат агенттиктеринен, телеканал, радиостанция жана басылмалардан 25 өкүл келип катышты.  

Иш чаранын негизги баяндамачысы катары Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын жетектөөчү эксперттери тартылган. Ал эми журналисттердин алдында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева алгачкы сөз менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө төраганын орун басары, нак эмес төлөм жүргүзүү учурда ЖМК тарабынан валюталык рынок же банктык көзөмөл сыяктуу көп суроо-талапка ээ болбой жаткандыгын билдирип, азыркы учурда төлөм системалары финансылык секторду өнүктүрүүгө арналган бир кыйла динамикалык багыт экенин баса белгиледи.  

Улуттук банктын журналисттерге билим берүүсүнүн башкы максаты бир гана Улуттук банктын иши тууралуу эмес, жалпы республикалык экономика жана финансы секторундагы болуп жаткан окуялар тууралуу маалымдоо болуп саналат. “Биздин жалпыбыздын тапшырмабыз – калкка өлкөдө болуп жаткан окуяларды ачык, объективдүү түрдө маалымдап жана, албетте, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп эсептелет. Биз ЖМК өкүлдөрүнө арнап өткөрүлүп жаткан окутуу журналисттердин кийинки ишине жардам болот деген ойдобуз. Улуттук банктын эксперттери журналисттер менен өзүнүн билимдери менен бөлүшөт, төлөм системасындагы бир кыйла темаларга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Кыргызстандын нак эмес төлөмгө өтүшү, бул тармакта колдонулуп жаткан заманбап технологиялар, банктык карталар, көз боемочулардан сактануунун жолдору тууралуу түшүндүрүшөт. Ошондой эле көптөгөн кызыктыруучу маселелер козголуп, сиздерди кайдыгер калтырбасына ишенебиз”, - деп билдирди Лада Орозбаева. 

Семинардын маанилүү  бөлүгү  катышуучулар менен формалдуу эмес түрдө баарлашуу катары өттү, анда журналисттер өздөрүн кызыктырган бардык суроолорун берип, тийиштүү жоопторду ала алышты. (Ш.Б)

 

Улуттук банк журналисттер үчүн “Нак эмес төлөм” темасында окутуучу семинар өткөрүштү Улуттук банк журналисттер үчүн “Нак эмес төлөм” темасында окутуучу семинар өткөрүштү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться