Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.”



Бул ырчы тынымсыз аракеттин артынан шоу-бизнесте өз ордун тапты.Улуу муун менен жаштарга бирдей жаккан ырчы Гульзина Мамаева менен болгон маек.
Суроо: Саламатсызбы? Жагымдуу үнүңүз менен кыргыз калкына белгилүү ырчылардан бирисиз. Алгач эле өзүнүз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз.
Гульзина Мамаева: Саламатчылык.Мен көбүнчө түштүк жергесинде жүрөм. Борбор каалабыздагы чоң-чоң маарекелерге катыша албай калган учурларым көп болот.Бирок 21-кылымдын жылдыздары аттуу чон долбоорго 4 жалдан бери катышып келе жатам.Ал эми Жалал-Абад, Ош шаарларында мени бары эле тааныйт деп ойлоймун.
Мен Жалал-Абад областына караштуу Саты айлынан болом.35 жаштамын. Алты бир туугандын экинчисимин.Аты аталган айылда мектепти аяктап, андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) химия бөлүмүн бүтүрдүм.Турмушка чыга элемин.Кесибим болсо мугалим жана ырчы. Бирок мугалим болуп иштей элекмин.

Cуроо: Эмне себептен ырчылык кесибин тандап алдыңыз,башкача айтканда ырчы болууңузга эмне түрткү болду? Ошондой эле алганчкы ырдаган ырыңыз кайсы?
Гульзина Мамаева: Кичинемден ырдаганды жакшы көрчүмүн. Мектепте кандайдыр бир кароо-сынарктар болсо сөзсүз ырдачуумун.Кыргыз эли той маарекелерге жакын,салттуу,нарктуу элбиз. Биринчи туулуп өскөн айылымда тойлордо жана башка мааракелерде ырдап жүрдүм.Андан кийин, Сузак райнонуна караштуу Октябрь айылында “Достук” деген ансамбль бар, аны жетектеген Муктар Курбашов деген агай менин ырдаганымды жактырып, өзүнүн тобуна алган. 10-классымдан бери ушул топ менен биргемин.
Биринчи эл алдына Келдибек Тургунбаевдин “Жерин сонун Ала-Тоо” деген ырын ырдап чыктым. Андан соң 2002-жылы “Жалал-Абад азем түндүрү” аттуу кечеде Тугөлбай Казаковдун “Насыйкат” атту чыгармасын аткардым, андан кийин аз да болсо атымды кыргыз элине тааныткан Нуркан Турсунбаевдин “Алтынчы куну кечинде” аттуу чыгармасын аткарып баштадым.
Cуроо: Кээ бир ырчылар өздөрү ыр жазып, обон да жараткандыктары тууралуу көп угуп калабыз. Сиз да өзүңүз ыр жазып же обон жараттыңыз беле?
Гульзина Мамаева: Мен өзум сөзүн да жазып, өзум обон жаратып көргөн эмесмин. Мен жөн гана аткаруучумун.Фольклор жаатына жакын болгондугум үчүн эски ырларды жаңыртып көпчүлүк учурда ырдап журөм, мындан сырткары жаңы чыгармаларым да бар.
Cуроо: Чыгармачылыгыңыздагы эң чоң жетишкендигиңиз жана эң чоң жоготуунуз кайсылар?
Гульзина Мамаева: Чыгармачылык жаатында жетишкендиктерим жөнүндө айта турган болсом, мен Турция, Казакстан, Кытай мамлекеттеринде болуп өткөн фестивальдарга катышып жакшы ийгиликтерге жетишип келдим, мен үчүн ошол сыймык, жетишкендик. Ошондой эле 2 күн мурун сөзу да, обону да Анарбай Райымкановдун “Сен аны сезген жоксун” аттуу ыры менен “Алтын фонтко” кирдим.Азыр аябай кубанып турган учурум. Себеби атым тарыхта калды. Мындан сырткары “Маданияттын мыкты кызматкери” деген наамды алганмын, бул да мен үчүн чоң сыймык. Ал эми эң чоң жоготуум болсо, “алтын” апакемден айрылгандыгым. Мындан сырткаркы буюм же чыгармачылыгымдагы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин. Себеби наамга же буюмга кайра аракет кылып жетсе же тапса болот, ал эми эң жакын адамыңдан айрылып калсаң аны эч качан таба албайсың. Ошондуктан апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.
Cуроо: Канча ырыңыз канча клипиниз бар?
Гульзина Мамаева: Менин репертуарымда элүүгө жакын ырым бар.Ал эми клиптерим азыраак,6 клибим бар.
Суроо: Биринчи тушоо кесүү концертиңизди кайсы шаарда бердиңиз эле жана концертиңиз кандай деңгээлде өттү?
Гульзина Мамаева: Биринчи концертимди 2008-жылы 15-октябрда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда бергенмин. Мыкты деңгээлде болуп өткөн, эл колдоп шаңдуу олтурушкан. Стаиондо бош орун калбагандыктан, туруп уккандар да болгон. Бул мага күч-кубат, эргүү берген десем жаңылышпаймын. Атактуу ырчылардан Айнура Салахиддинова, Фарида Карбосова келишкен. Мындан сырткары жергиликтүү ырчыларды чакырганмын. Куудулдардан болсо Рахман Разыков,”Беш тапан” тобу,Тынар Курбаналиев жана башка куудулдар келип колдоп, кубаттап концертиме катышып кетишкен.
Суроо: Үй-бүлөңуздө сизге окшоп ырчы же ырга шыгы барлар барбы?
Гульзина Мамаева: Негизи менин таятам аябай таланттуу киши болгон.Таятам өзу ыр жазып,өзу обон чыгарчуу,жада калса ырдачуу. Мен таятамды тарттым деп ойлоймун.Тилекке каршы жазышты билген эмес, ошондуктан ырларын кагаз бетине түшүрө албаган. Ушундан улам бир да ыры бул күнгө чейин сакталып калбады.Ошол замандарда жазышты билген бироону табып, кагаз бетине түшүрүп койгондо мүмкүн мен азыр анын ырларын аткарып жүрөт элем.
Суроо: Келечектеги пландарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
Гульзина Мамаева: Мен жакында, тагыраак айтканда жазында дагы концерт берейин деген планым бар жана учурда эки ыр жаздырып жатам, аларга дароо эле клип тарттырам буйруса. Бирок эң негизгизги тилегим, каалоом эне болуу.Менин оюмча, ар бир аял үчүн эне болуу эң чоң бакыт.
Жагымдуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат, чыгармачылыгыңызга ийгилик жана пландарыңыздын баары ишке ашуусуна тилектешмин.

Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.”                                                                                          Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.”                                                                                          Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.”                                                                                          Гульзина Мамаева “Маданияттын мыкты кызматкери” наамынын ээси:” Апамдан айрылуум эң чоң жоготуу болгон.Андан сырткаркы жоготууну “жоготуу” деп эсептебеймин.”
Пользователь с логином nurzida не найден.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться