«Эгемендүүлүк жана демократия» » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Эгемендүүлүк жана демократия»

25 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк жана демократия» деген аталышта илимий-практикалык конференция болуп өттү.



2016-жылдын 4-октябрында университетте Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналган «Эгемендүүлүк жана демократия» деген аталышта илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Иш-чара эки улуттун гимнинин ойнолушу жана Кыргыз Республикасынын 25 жылдык мааракесине арналган «Адамдар, окуялар, фактылар» аттуу кинотасманын көрсөтүлүшү менен башталды.
Конференциянын ачылыш сөзүндө окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы жалпы кыргыз элин эгемендик майрамынын 25 жылдыгы менен куттуктап, кыргыз эли байыркы тарыхка ээ жана маданий дөөлөттөрүн бекем сактап келген эл экендигин баса белгилеп: «Учурда Кыргызстан Борбор Азия аймагында бирден бир демократиялык өлкө болуп, өнүгүп келе жатат. СССРдин ыдырашы менен 1991-жылдан баштап түрк дүйнөсүнүн байрактары асманга желбирей баштаган. Алардын бири ата журтубуз болгон Кыргызстан эле. Мына бүгүн Кыргызстан 25 жыл ичинде бир топ тарыхый окуяларды башынан кечирип, өнүгүп-өсүп гүлдөгөн өлкөгө айланды. Чындыгында кыргыз элинин түрк дүйнөсүндөгү орду өзгөчө», - деп эки өлкө ортосундагы достук жана кызматташтык мамиле өнүгө берсин деген тилегин билдирди.
Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: «25 жыл мурда Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болдук, эми көз каранды болбой бакубат жашоодо жашайбыз деп кубанган эле, бирок мамлекетти башкаруу, эгемендүүлүктү бекемдөө бир гана эмоция эмес экен, экономиканы, социалдык өнүгүүнү, саясий туура багытты алуу маанилүү экендигин бүгүн билип, баа берип жаткан учурубуз. Учурунда жаш президенттин келиши менен Кыргызстан тез арада өнүгүп кетет деген үмүт болгон. Тилекке каршы коррупция, трайбализм, үй-бүлөлүк башкаруу деген апааттар биздин өнүгүү жолубуздан адаштырды. Анын себебинен эки революцияны жана улуттар аралык араздашууларды башыбыздан кечирдик.
ϴткөн кылымдын башында улуу ататүрктүн жакын арада СССР кулайт, ошондо боордош түрк эли боштондукка чыгат жана биз жардамга даяр болушубуз керек деп айтканы 90-жылдары аткарылды. Биз азыр ал жардамды көрдүк, анын бири Кыргыз-Түрк «Манас» универитети. Окуу жай бүгүнкү күнү жаш адистерди даярдап келет. Бул биздин Кыргызстандын жана түрк дүйнөсүнүн бекемделишине кошкон салымыбыз болот», - деди.
Ал эми ТРнын Жогорку билим берүү кеңешинин мүчөсү Четин Орал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктап, кыргызстандыктарга бактылуу эгемендүүлүк, бакубат жашоо каалады.
Андан соң жыйын проректор, профессор Анварбек Мокеевдин модераторлугунда чакан панель менен уланды. Анда профессор Османакун Ибраимов «Кыргыз мамлекети 25 жылда: проблемалар жана жетишкендиктер», доц.м.а. Женгиз Буяр «Эгемендүүлүккө карай умтулуунун тарыхый жолу» деген аталыштагы баяндамалары менен чыгышты.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,

ММК жана коом менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


«Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия» «Эгемендүүлүк жана демократия»

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться