Манас университети илимий макаланын башкы темасы болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манас университети илимий макаланын башкы темасы болду

Өз жаатында абройлуу окумуштуу, профессор Алйылмаз өзүнүн макаласында КТМУну белгилеп өттү.



Түркиядаги Ататүрк университетинин Казым Карабекир факультетинин түрк тили бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Женгиз Алйылмаз жаңы илимий макаласында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине орун берди. 
Макала Түркиат изилдөө институту журналынын 57-санында жарык көрдү.
«Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги Байыркы түрк маданияты жана цивилизациясы» аталышындагы макалада окуу жай, андагы  байыркы түрк маданияты жана цивилизациясына байланышкан эмгектер жарыяланган.
Профессор Женгиз Алйылмаз эмгегинде Манас университети бир гана билим берүү багытында эмес, илимий-академиялык иш-чараларда, тил, тарых, археология жааттарында изилдөө иштерин байма-бай жүргүзүп келерин белгилеген. “Окуу жайда Музей ( Археология-этнографиялык музейи) ачылган. Окутуучулар менен студенттер тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр, археологиялык казуулардын жыйынтыгында табылган экспонаттар бул музейден орун алат”,-деп жазат профессор Алйылмаз.
Женгиз Алйылмаздын макаласын http://www.turkiyatjournal.com/SonSayi.aspx сайтынан окуй аласыздар.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү,
ММК жана коом менен байланыш бюросу

Манас университети илимий макаланын башкы темасы болду Манас университети илимий макаланын башкы темасы болду Манас университети илимий макаланын башкы темасы болду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться