2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2016-2017-окуу жаңы жылынын ачылыш аземи болуп өттү.



30-сентябрь күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2016-2017-окуу жаңы жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Түркиянын Туризм министринин орун басары Хусейин Найман, КРнын УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев, университет жетекчилери, академиялык жана административдик кызматкерлер жана студенттер катышышты.

Салтанаттуу иш-чараны университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ачып берди. Ал өз сөзүндө университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттерди жаңы 2016-2017-окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, жаңы окуу жылында бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады. «Кыргыз-Түрк «Манас» университети бир гана Кыргызстан жана Түркия эмес, бүтүндөй түрк тилдүү мамлекеттер үчүн түзүлгөн орток бир долбоор болуп саналат. Биздин окуу жайда билим алуу жана келечекте илимий иш-аракеттер жүргүзүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Студенттерди окута турчу окутуучулар жогорку класстагы профессорлор, илимдин докторлору, кандидаттар жана доценттер, кыскасы, жаштарыбызга Кыргызстандагы мыкты окутуучулар билим берип келет. Манас университетинин негизги максаты эл аралык деңгээлдеги кадыр-барктуу жогорку окуу жай болуу болуу.», - деп окуу жайдын бүгүнкү деңгээлге келип жетиши жалпы жамааттын иши экендигин баса белгиледи.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор А.Кулмырзаев: «30-сентябрь Манас университетинин түзүлүш күнү менен кошо дал келген жаңы окуу жылы кут болсун. Ар бир жыл өзүнүн жаңы жаңылыктары менен келип, жаңы максаттарды алдыга коёт. Андыктан, биз бул жылы мурунку жылдардан да күчтүү максаттарды алдыга коюп, жаңы иштердин үстүндө иштейбиз.», -деп, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатып, жаңы программаларды ишке ашырабыз, сандык эмес, сапаттык деңгээлге чыгабыз деген оюн билдирип, окуу жылынын башталышы менен кызуу куттуктады.

Ал эми ТРнын Туризм министринин орун басары Хусейин Найман өз сөзүндө кыргыз жана түрк элинин ортосундагы ынтымак, достук мамилеси бекемделип келе жатканына кубанычта экендигин билдирип: «бизде мындай накыл кеп бар «1 жылдын келечегин ойлосоңуз эгин эгиңиз, эгер 10 жыл кийинкисин ойлосоңуз бак тигиңиз, а эгер 100 жылдын келечегин ойлосоңуз, анда инсан тарбиялаңыз» деген, андыктан Манас университетинен келечекте «Нобель» сыйлыгына ээ болгон улуу илимпоздор, окумуштуулар чыгаар. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда туризм багытында да байланышыбызды арттыралы»- деди.

Студенттер үчүн бул академиялык жылдын биринчи сабагын КРнын УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев ««Манастан» Айтматого карай»» деген темада өттү. Анда  кыргыз элинин улуу дастаны «Манас» эпосу менен кыргыздын улуу жазуучусу Чынгыз Айтматовдун  жазгандарына токтолду. Айрыкча «Манас» эпосунда жана жазуучунун чыгармаларындагы айрым бир окшоштуктарга басым жасап, Айтматов адамзат көйгөйлөрүнө көбүрөөк көңүл буруп, көзү ачыктык кылып келечекти көрө билгендиги тууралуу сөз кылып, кызыктуу сабак өттү.

А.Акматалиев кыргыз элинде бир гана окумуштуу эмес, залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун жолун туткан шакирти катары журт алдында белгилүү. Чыңгыз Айтматовдун экинчи өмүрү болгон эмгектеринин жашоосуна шарт түзүп келет. Учурда окумуштуу «Манас» эпосу, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин жана Ч.Айтматовдун китептерин бастырып, ишке ашырып келе жатат.

Иш чара 2016-жылы КРнын Президентинин Жарлыгы менен мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болгон окутуучуларды, ошондой эле 2015-2016-окуу жылында окуу жайыбыз тарабынан академиялык наам ыйгарылган мугалимдерди куттуктоо жана чакан концерттик программа менен соңуна чыкты.


Загрузка плеера...


2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү 2016-2017- окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться