23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү

“Кыргыз тилинин учурдагы абалы» деген темадагы тегерек үстөл болуп өттү.



2016-жылдын 23-сентябрында КРнын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Түркология бөлүмүндө “Кыргыз тилинин учурдагы абалы» деген темадагы тегерек үстөл болуп өттү.

Иш чаранын модератору болуп К.Карасаев атындагы БГУнун доценти, акын, публицист, котормочу Эсентур Кылычев алып барды.

Бул иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тилди сактап калуу  максатында уюштурулду.

КРнын УИАсынын Ч.Айтамтов атындагы Тил жана адабият институтунун профессору, ф.и.д И.Абдувалиев, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти, ф.и.к. Райхан Абдуллаева, КТМУнун Гуманитардык факультетинин Философия бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор Ж.Бөкөшев, Гуманитардык факультетинин Түркология бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., доцент Б.Сагынбаева, Чыгыш тилдер бөлүмүнүн башчысы, профессор О.Ибраев, Чет тилдер жогорку метебинин директору, ф.и.к., доценти Таалайбек Абдиев, Түркология бөлүмүнүн доц.м.а. Н.Усеев жана студенттер катышышты.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө КТМУнун Гуманитардык факультетинин Социология бөлүмүнүн илимий кызматкери Н.Сулайманова, «Кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталардын типологиясы» жана КТМУнун Коомдук илимдер институтунун Түркология багытынын докторанты К.Умурзаков, «Кыргыз тилинде жансыз жана жандуу категориялардын сын атоочтуу сөз айкаштарында жаңылыш колдонулушу» деген темада баяндама жасашты.

КРнын УИАсынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун профессору, ф.и.д И.Абдувалиев алгач Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, тил карым-катыш, байланыштын куралы экендигин баса белгилеп, тилдин жаңы милдеттеринин аткарылышы акырындык менен жүрөрүнө басым жасады. Ошону менен бирге Манас университетинин тилге кошкон салымы тууралуу айтып, көптөгөн иш- чаралар кыргыз тилинде жүрүп келе жатканын баса белгиледи. Иш-чаранын соңунда иш-чарага келген коноктор да азыркы учурда кыргыз тилин колдонууда кетирилип жаткан каталар жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча ойлору менен бөлүшүп, талкуулар жүрдү.

Эске салсак, мындан 27 жыл мурда, 1989-жылдын 23-сентябрында КРнын Жогорку Совети «Мамлекеттик тил жөнүндө» КРнын мыйзамын кабыл алган. Кыргыз тили күнүнө карата бүгүн билим берүү жайларында конференция, майрамдык кече жана башка иш-чаралар өтүп келет.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү
Массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланыш бюросу

23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү 23-сентябрь – КРнын Мамлекеттик тил күнү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться