Социалдык тармактардын пайдасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Социалдык тармактардын пайдасы



Учурда интернет жашообузда аябай чон мааниге ээ. Ансыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Ал эми социалдык тармактарда катталбай калгандар ого бетер аз. “Бир аз эле убакытка отуруп, кайра чыгам деп ойлогом, анан эле карасам толтура убактым кетип калыптыр”- деген сөздөрдү көп угабыз. Ошону менен бирге андан кантип көз карандысыз болууну дагы көп ойлонобуз.
Жактыны (лайк) басабыз, сүрөттөрдү карайбыз, маалыматтарды окуйбуз, тааныштарыбыз менен сүйлөшөбүз, талкууларга катышып пикир калтырып, а тугүл урушуп, айтышып, эмоцияга алдырып койгон учурлар да болот. Интернетте пикир келишпей калган адам менен касташып блогго коюп салгандар да арбын. А бирок ал интернеттеги жашоо. Чыныгы турмушта баарын блогго коюу мүмкүн эмес ))
Бир нече видеороликтерди көрөбүз, ошентип карасак бир нече саатыбыз куру бекер өтүп кеткен болот.
Социалдык тармак - кимдир бирөө учүн бош убакытты өткөрүүгө мыкты мүмкүнчүлүк, ал эми кимдир бирөөгө пайдасыз текке кеткен  сааттар. Ар бир нерсенин оң-терс, пайдалуу-зыяндуу жактары болот. Кечээги макаламда зыяндуу тарабын айтып берген элем. Бугүн болсо, пайдалуу жагына токтолом.
1.    Издеп-табуу оңой.
 Издеген маалыматты, сүрөттү, аудио-видео материалды тез эле таба аласыз. Керек болсо издеген адамды дагы бат табасыз. Айрым себептерди эске албасак, дээрлик көп нерсени тапса болот. (Терс жагы: Эгерде сиз издеген маалымат же фото интернетке жүктөлө элек болсо албетте табалбайсыз. Эгерде сиз издеген адам социалдык тармакта каттала элек болсо таба албайсыз. А балким башка ат менен жана башака сүрөт менен катталышы да мүмкүн. Же болбосо чыныгы сиз издеген адам эмес, такыр башка адам отурушу мүмкүн, мындайча айтканда фейк...)Кайсы бир компания, же фирмага байланыштуу маалымат издеген болсоңуз дагы оңой табасыз. Болгондо да бир нече критерийлерди баса белгилөө менен  таап алабыз. Көпчүлүк компаниялар соцтармакта бир гана ат менен таанылууну аракет кылышат.  Сизге керек адамды табуу үчүн: Атын, фамилиясын, жашаган жерин, жаш курагын жазып издейсиз. Эгерде ал анкетаны толук толтурган болсо, сөзсүз табасыз. Же болбосо сизге кызык маалыматтарды табууну максат кылдыңыз дейли. Издөө үчүн мисалы: “классикалык музыкалар”, “спорт оюндары”, “даамдуу тамактар”, - деп жаздыңыз, интернет сизге анда болгон толгон-токой маалыматты жазуу, сүрөт, аудио-видео түрүндө, каалаган багытта болсун таап бере алат. Андан ары албетте, сизге керектүүсүн, ынгайын ирэээттеп таап алуу колуңузда.
2.    Баарлашуу жана маалымат алмашуу оңой.
Албетте ар бир адамда азыр мобилдик телефон бар. Биз смс жана ммс аркылуу маалымат алмаша алабыз.Бирок буга бир топ акча кетет.
Ал эми социалдык тармактарда тез жана ынгайлуу түрдө баарлашууга шарт бар.
3.    Кызыкчылык боюнча топ түзүү же мүчө болуу.
Мисалы: Кызыктуу уюмдардын, топтордун, коомдордун мүчөсү болуп, ага жазылып коюуга болот. Ал жактан маалымат аласыз. Сатып алсаңыз же сатсаңыз болот. Учурда кайсы бир товарды саткан топтор абдан өнүгүүдө.
4.    Эскерткич.
Өз убагында майрамдар тууралуу маалымат берип турат. Айталы жакыныңыздын туулган күнү, шаардын майрамы, досуңуздун мааракеси. Эскерткичтин жардамы менен ошол эле замат куттуктоо жазып, кооз стикер же фото жөнөтүп, өз убагында көңулүн көтөрүп койо аласыз.

 

 

Кундуз Авашова.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться