Социалдык тармактардын терс таасири » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Социалдык тармактардын терс таасири



21-кылымда адам баласынын жашоосуна социалдык тармактардын тийгизген таасири чындыгында абдан күчтүү болууда. Социалдык медиага байланыштуу жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөргө баам салсак абдан таң калтыруучу жыйынтыктарды байкайбыз. Төмөндө психологиялык ден соолугубузга тийгизген терс таасирлердинэң маанилүүлөрүн кыскача мисал келтирем.

Социалдык тармактарга болгон көз карандылык.
Америкалыктардын 63%ы күн сайын социалдык тармактарга кирет, ал эми 40%ы бир күндө бир нече жолу кирет. Демек, биздин мекендештер дагы америкалык интернет колдонуучулардан кем калышпайт деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.  Албетте адамдар ар түркүн максаттарда интернет колдонушат. Учурда көпчүлүгү социалдык тармакчаларга катталып, баракчаларды ачып, баарлашып, же өзүн пиарлап, же жөн гана бош убактысын ошол жакта өткөрүүнү адат кылып алышкан. Соцтармактардагылар көбүнчө окшош жашоодон тажап же кунарсыз жашоодон улам интернетке баш багышат. Адамдар маалымат жазып, пикир калтырып, сүрөттөрүн жайгаштырып отуруп.ю бара-бара таптакыр эле  көнүп алышат. Мындайча айтканда фанатка айланып алышат. Анан албетте бул нерсе билинбей отуруп адатка айлана баштайт дагы, ал көз карандылыкка алпарат...

Социалдык тармактардын таасири.
Социалдык тармактар анча деле маани бербей турган нерсени, анча деле баркы жок, баасы жок нерсени, байкалбаган нерсени идеалдаштырууга алпарат, ал бизди жипсиз байлайт. Виртуалдык дүйнө чыныгы баалуулуктардын маанисинжок кылууга чейин жеткирет.Интернет колдонуучулар ар дайым өзүн башкалар менен салыштырып, же атаандашып отуруп, өзүнүн чыныгы жашоосун аз ойлоп калат.
Адамда индивидуалдык нерсе жоголот, тамыры кыркылат, ошентип отуруп социалдык тармактын терс таасири тийе баштайт. Эксперттердин айтымында социалдык тармак керек болсо жалкоо, акылсыз болууга чейин жеткирет. Эгерде сиздин лентаңызда таанышыңыздын жумуштары жакшы жүрүп жатса, ал эми сизде бул күн татаал өткөн болсо, бул сиздин маанайга заматта терс таасирин тийгизет. Британдык изилдөчүлөрдүн жүргүзгөн социалдык сурамжылоосуна таянсак, адамдардын 55%ы социалдык тармактар алардын жүрүм-турумуна зор таасир тийгизээрин, ал эми 53%ы өз жашоосун башкаларага салыштыруудан улам маанайы түшкөнүн мойнуна алган.

Социалдык тармактардагы көйгөй.
Бир нече изилдөөлөргө таянып, дагы бир маанилүү себептерди айтып берейин. Сурамжылоого катышкан топтордун 3төн 1 бөлүгү кайсы бир себептерден улам социалдык тармактардагы өзүнүн аккаунтуна кире албай калса, абдан катуу стресске дуушар болоорун айтышкан. Маанайы тез эле чөгүп, керек болсо жинденип, жакындары менен урушуп, уйкудан калып, издегени бир гана интернет болуп калат. Өзүн  өзү башкаруу, контролдоо начарлайт, эмоцияга алдырышат. Демек, социалдык тармактар кээде эмес, күн сайын биздин жашообузга терс таасирин тийгизип, жашообузду артка тартып турат...

Интернеттеги коркунуч.
Интернеттеги коркунуч же киберкоркутуу өспүрүмдөр үчүн абдан актууалдуу маселе.
Эске түйүп коюңуздар!Киберкоркутуу- бул интернеттүйүндөр аркылуу атайы багытталган аракеттер.
Өспүрүмдөрдүн аң сезимин психологиялык баскылоо аркылуу коркунучка алып барат. Ыкмалар ар түркун болушу мүмкүн: психологиялык зордуктоо-баскы? Интернеттеги коркунуч, коркутуп-үркүтүү, шантаж ж.б. Enough is Enough деп аталган, интернетти баардыгы үчүн коопсуз кыла турган атайы чоң коом дагы бар. Аты аталаган коомдун иликтөөсү боюнча социалдык  медианы колдонгон өспүрүмдөрдүн 95%ы Киберкоркутууга дуушар болушкан, ал эми 33%ы бул көрүнүштүн курмандыгына туш болушкан.

Социалдык тармактардын терс жагы.
Социалдык тармактар менен Өспүрүмдөрдүн ортосундагы байланышты изилдөөлөрдүн натыйжасы төмөндөгү жыйынтыкка келген:  12 жаштан 17 жашка чейинки өспүрумдөрдүн 70%ы наркотик колдонушат, 5 эсе көп тамеки тартат, 3 эсе көп алкоголь колдонушат, 2 эсе көп марихуана чегишет. Өспүрүмдөрдүн40%ы социалдык медиадагы ар түркүн сүрөттөрдүн таасирине дуушар болгонун айтышкан.

Социалдык тармак бактысыздыкка алып барат.
Мичиган университетинде болсо эң белгилүү социалдык медиалар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп чыгып, учурдагы атактуу социалдык тармак Фейсбук деп далилдешкен. Мунун негизинде Фейсбукка байланыштуу атайын иликтөөлөрдүү жүргүзүшүп, колдонуучулардын маанайына абдан таасир тийгизээрин жазышкан. Жыйынтыктардын негизине назар салсак,социалдык тармакка кирбегендерге караганда тынбай киргендер негизинен бактысыз жана жашоосуна канаатанбагандар экени далилденген.

Социалдык тармактар коркуу сезимин курчутат.
Колдонуучу социалдык тармактагы кайсы бир окуяны билбей өткөрүп жиберүүдөн коркуп жашайт. Болгондо да ар дайым ушул сезимдин басмырлоосунда жашап, коркуу сезими курчуйт. Адам ар дайым башка колдонуучунун көз алдында анын баракчасындагы сүрөтү кандай көрүнүүдө, ошондой эле статусу, же пикири кандай кабыл алынат деген санаа тартууда жашайт экенин далиденген.

Социалдык тармактар алаксытат.
Учурда интернетте канча баракчаңыз ачылып турат? Ой-максатыңыз, жан дүйнөңуз жалгыз гана бир нерсеге багытталуу деп айта аласызбы? Эгер монитордо бир нече интернет баракча ачылып турса, маанилүү жумушка ойду толук багыттоо дагы абдан кыйын болот. Изилдөөлөргө таянсак, биздин мээбиз бир эле учурда эки жумушту толук аткара албайт, толук кандуу ой жүгүртө албайт.  Эң маанилүү маселени чечкендин ордуна бир маселеден экинчи маселеге, экинчи маселеден үчүнчү маселеге шашып өтүп, аягында тез чарчап, стресске кабылабыз. Бул маалыматты кабыл алууну, мээнин иштөө процессин дагы азайтат. Эгерде сиз кечке алаксыткан социалдык тармактагы баракчаңызды жаап коюп, андан кийин жумушка киришсеңиз эң туура кадам болот! Себеби андан да маанилүү жумуштарды өз убагында аткарууга,  иш күнүңүздү натыйжалуу өткөрүүгө шарт түзүлөт. Эмесе, социалдык тармактарга көз каранды болбоого чакырам, жана албан ийгиликтерди каалайм! Эмки макалада болсо, социалдык тармактардын пайдасы тууралуу айтып берем.

 

 

Кундуз Авашова.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться