Ля-ля-фа » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ля-ля-фа

Позитив бизден башталат.



ЛЯ-ЛЯ-ФА, Позитив бизден башталат!! Так ушул ураан менен сиздерди 102.9 Манас радиосунда иш күндөрү саат тогуздан он экиге чейинки аралыкта тосуп алабыз. Дүйшөнбү күндөрү- «Чоң Экран» акыркы кино жаңылыктары, кызыктуу маектер жана саундтректер сиздер менен. Заманыбыздын мыкты режиссерлору, Эрнест Абдыжапаров, Нурбек Эген, жаш режиссерлор, Наргиза Маматкулова, Акжол Бекболотов, Станбулбек Мамбеталиевдер жаңы жаш режиссерлор менен сиздерди жолуктуруп турабыз деп сөз беребиз. Шейшенби күндөрү- «Автопортрет»,  өз ишинде адис замандаштарыбыз, белгилүү ырчы, обончу, актерлор чыгармачыл адамдар, спортсмендер  менен кызыктуу  маектер, белгилеп атай кетсек, Эмилбек Үмөталиев, Мерген Турган, Гүлзада Рыскулова, Мирбек Атабеков,  Гүлжигит Калыков, Чоро бенд, Асылбек Өзбеков, Кубаныч Сатаев, Иляз Андаш, Дайыр Исмадияров, Максат Бегалиев, Каныкей, Омар, Нооруз жана башка чыгармачыл  адамдар өз автопортреттерин тартып беришет. Шаршемби күндөрү, «Ааламда таң атканда», «Саркеч жашоо», «Бир ырдын баяны», «Акчадагы атактуулар», «Спорт тайм», «Сиз сураңыз» рубрикаларыбыз менен эң сонун күн тартуулайбыз. Бейшемби күндөрү, «Үч мүшкөтөр» сиздерге тамашалуу эфир тартуулайт. Жума күндөрү, «P.S» адис психолог Перизат Асылбаева жана Жазгүль Атагуловалар угармандардын суроолоруна жооп беришет,  «Бөлүшкүм келет»  рубрикасында  сиздерге коомдогу маанилүү деген окуя, маалыматтарга тийиштүү адамдар менен маектер, дүйнө хит ырлары менен кооздолуп сизге гүл десте катары сунулат угарман  ;)


Sharizat Ibraeva
Главные редакторы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться