Кыргыз туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук баалуулуктарга баа берүүбүз керек » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук баалуулуктарга баа берүүбүз керек



7-8 июлда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн туризм министрлеринин орун басарларынын катышуусунда КМШнын 25-жылдыгына арналган туризм боюнча отурум болуп өттү.

   8-июлда КМШ өлкөлөрүндө туризмди  өнүктүрүү жана кызматташуу үчүн келишимге кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын туризм департаментинин 2015-жылдагы статистикасына таянсак, болжол менен Кыргызстанга чет элден 4 миллион адам келген. Алардын 40%ы туристтер, Казахстандан 70%, Россиядан 10% келген.

  Бүгүнкү өткөн кеңешменин отурумунда Кыргыз Республикасынын туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов: “Кыргыз улутун айырмалап турган меймандостугубузду даңазалоо менен дагы туризмди өнүктүрө алабыз. “Конок тосуу мамилеси” менен “базар экономикасын” жуурулуштуруп, “этнотуризмди”, “этномаданиятты” жолго салыш керек.  Кыргыз туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук баалуулуктарыбызга баа берип, “этнотематикага” абдан терең маани берүүбүз керек”- деп баса белгилеп, бул багыттагы мүмкунчулуктөргө кеңири токтолуп өттү. 

   Учурда туризм тармагын жандандыруу үчүн бир топ алгылыктуу иштер жүрүудө. Алсак, Кыргызстан тоо туризмин ийгиликтүү өнүктүрүп кетүүгө зор мүмкүнчүлүктөрүбуз бар экен. Себеби альпинизмге кызыккан альпинисттердин саны жылдан жылга көбөйүп барат. Чет элдиктер биздин тоолорго, айылдарга, табигый кооз жаратылышыбызга суктанышат.  Алар кыргыздардын нукура, табигый жашоосу менен  жакындан таанышууну каалашат. Айылдагы жергиликтүү калкка аралашып улуттук спорт оюндарды, ашкананы көрүп, кыргыздардын байыркы маданияты, тарыхы менен таанышуу кызык. Демек, келечекте айыл жергесинде дагы тейлөө кызматын мыкты жолго салган жергиликтүү калк үчүн туристтик багытта иш алып барууга, акча табууга жол ачылууда.

Кыргыз туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук баалуулуктарга баа берүүбүз керек Кыргыз туризмин өнүктүрүү үчүн улуттук баалуулуктарга баа берүүбүз керек

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться