Кожойкелер убакытты кантип туура башкарыш керек? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кожойкелер убакытты кантип туура башкарыш керек?



Убакытты туура башкаруу жөнүндө сөз болгондо көбүнчө - жетекчилер, бизнесмендер, офис кызматкерлерине байланыштуу макалаларды, китептерди көп окуйбуз. Бирок көпчүлүк адамдарга үй кожойкелерине дагы убакытты туура башкаруу, контролдоо керек деген ой келбейт. Кожойкелер деген үйдө, андыктан эч жакка шашпайт же шашуунун кажети жок деп ойлойбуз.  Анткен менен  кожойкелер - айымдар көп нерсеге жетишип, аз чарчап, өзү үчүн дагы убакыт бөлүп, тайм-менеджменттин эрежелерин  мыкты билиш  керек. Келиңиздер, кожойкелердин иш күнү жөнүндө жакшылап ойлонуп көрөлү. Тамак жасаганга, кир жууганга, кийимдерди үтүктөгөнгө, үйдү жыйнаганга, балдарды табиялаганга, үйдөгүлөргө көңул бөлгөнгө, мээрим төккөнгө, конок тосконго, узатканга канча убакыт керек? А мунун баары бир гана аял кишининин желкесине илинген жумуштар... Демек аябай көп убакыт керек. Үй боюнча жумуштарды абдан так, кылдат бөлүштүрүп, убакытты максималдуу түрдө пайдалуу колдонууну үйрөнөлү.

 

Алгач бир күндүн ичинде кайсы жумуштарды аткаруу керек ойлонуңуз. Атайы блокнот алып, ага эртенки жумуштарыңыздын тизмесин жазыңыз. Блокнот жок болсо чакан баракчага жазып, ашканадагы муздаткычка жармаштырып коюңуз. Анан аткарылган жумуштарга белги коюп же алдын сызып турууну адатка айлантыңыз. Сизге кандай ыкма жакса ошону жасаңыз. Убакыт өткөн сайын канча жумушту актарганыңызды карап абдан кубанасыз! Бара-бара бул сизди сыймыктандырчу адатка айланат!

Эгерде бутүрө элек жумуштарыңыз бар болсо убакытты текке кетирип курбуларыңыз менен телефондо кечке сүйлөшпөңуз. Же социалдык тармакта достор менен жазышып же сүрөт карап отуруунун такыр кажети жок. Чындыгында интернетте убакыт зуулдап тез өтөт. Болгону беш мүнөткө кирем дейсиз, карасаңыз эле бир  саат өтүп кеткен болот.

 

Кожойкелер үчүн бир сырды ачып койойун. Кайра-кайра кайталанчу жумуштар үчүн  конкреттүү бир күндү бөлүп коюу зарыл. Мисалы үйдү ирээттөөнү жекшемби же жума күнү, ал эми кийим үтүктөөнү шаршемби күнү жасаңыз.

 

Айрым иштерди айкалыштырып, параллелдүү жүргүзүүгө аракет кылыңыз. Мисалы: Тамак жасоо менен кир жууганды чогуу жасаса болот. Убакытты үнөмдөө үчүн супермаркетке барып керектүү азыктарды, жана тиричилик химиясын 1 айга жеткидей кылып сатып алып коюңуздар. Ал эми күн сайын керектелчү азыктарды  үйдүн жанындагы дүкөндөн эле алып турасыз. 

 

Алдын ала даярдалган тизме түзүп барсаңыз дагы убакытты укмуш үнөмдөйсүз. Муну адатка айлантсаңыз ашыкча нерсе албайсыз жана керектүү азыктарды тез эле сатып аласыз.

 

Үйдөгү айрым жумуштарды туура бөлүштүрүүнү дагы билиңиз. Мисалы балдарыңызга идиш жууп, бөлмөсүн тазалап коюу оңой эле жумуш. Мындай тапшырмадан улам алар тартиптүүлүккө, өз алдынчалыкка  үйрөнүшөт. Балдарыңыз кичинекей болуп, жардамчыңыз жок болсо жолдошуңуздан жардам сураңыз. Айрым учурда жолдошуңуз үйдү чаң соргуч менен сордуруп, же дүкөнгө азык түлүккө барып келсин. Ал эми сиз калган жумуштарды бүтүрө калыңыз. Ошентип үйдөгү жумуштар тезинен бүткөң соң, сыртка чогуу сейилдеп, таза абада эс алууга же паркка барууга дагы убакыт артат. Же болбосо кезеги менен балдарга жомок окуп берип, же кызыктуу оюндарды чогуу ойноп.

 

Эгерде аябай чарчап калган болсоңуз телевизор көрүп отуруп албастан, жумуштар бүтөөрү менен уктаңыз. Сыртка чыгууга убакыт жок болсо, жок дегенде ваннага суу толтуруп жатып, маска жасап эс алууга убакыт табыңыз.

 

Үйдөгү тирилик канчалык көп болбосун өзүңузгө дагы убакыт табыңыз. Анткени ар ким өзүн өзү жакшы көрбөсө, сыйлабаса болбойт.  Аял киши деген ар дайым сулуу, назик, эс алган түр  менен көрүнгөнү жакшы. Үй кожойкеси болсоңуз дагы эң биринчи кезекте сиз аялсыз!

 

Үйдөгү ынтымакты бекемдөө жана кызыктуу жашоо үчүн жуманын ишемби күнүн бир гана үй бүлө үчүн арнаңыздар. Мисалы: Бул жуманын ишемби күнү паркка же балдарды ойнотуучу аянтка, кийинкисинде тоого, андан кийин кафеге, же кинотеатрга барыңыздар... Ошентип үй бүлөлүк эс алуулар, майрамдар үчүн дагы жолдошуңуз менен чогуу кызыктуу план түзүүнү дагы адатка айлантыңыз.

 

 

Бул аракеттердин баары бактылуу айым болууга, жана бактылуу үй бүлөнү курууга  эң негизги жол болот! Баарыңыздарга үй бүлөлүк бакыт каалайм! Макалага өзгөчө көңул бөлүп окуган ар бир кожойкеге, айымдарга албан ийгиликтерди каалайм!

 

 

 

Кундуз Авашова.

Бөлүм 4.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться