Ар бир күнгө тайм-менеджмент » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ар бир күнгө тайм-менеджмент



Убакыт - адамга эң кымбат азыктардын бири. Баарынан маанилүүсү убакытты кайра кайрып алалбайбыз. Ошондуктан баш аламан бул жашоодо аны туура пайдалана билүү абдан маанилүү. Эмесе төмөндө сиздин жашооңузду өнүктүрө турган жана жандуу кыла турган жөнөкөй эрежелер.


1. Жашооңузду пландаштырыңыз. Болгондо дагы жазуу түрүндө. Алдын ала бир жылга, кварталга, айга, жумага, күнгө баары пландаштырылып жазылган болуш керек.  Баарын тактап, жазып ирээттеп алган адам, жазбай жүргөн адамга караганда ийгиликтүү  болууга абдан көп мүмкүнчүлүгү бар.


2. Жумуштарыңыздын тизмесин жазыңыз. Жумуштарды жөн эле жазып койбоңуз. Маанилүүсүнө жараша тизме тизиңиз. Мисалы: 1.2.3.  же  А. Б. В.
Аларды көркөм түстөргө бойоп койсоңуз дагы болот. Негизгиси сиз окуганда түшүнүктүу, көзгө көрүнүктүү, эстеп кала тургандай  болуш керек.  

 
3. Эң татаал жумушту күндүн биринчи жарымына бөлүштүрүңуз. Көз коркок, кол баатыр экенин унутпаңыз! Керели кечке жүрөк оорутуп, бул жумушту кантип бүтүрөм дегенди токтотуңуз. Тезирээк жумушту аткарууга киришип, мыкты жыйынтыкка жетишип, кубанычтуу жүргөн кандай сонун?!


4. Эң ийгиликтүү, жемиштүү, иштерман саатыңыз, учуруңуз кайсы байкап көрүнүз. Көпчүлүгүбуздө бул эрте мененки сааттар. Себеби адамдын физиологиясы сергек, маанайы да көтөрүнкү учур. А бирок өгөчөлөнгөн себептер, учурлар, жагдайлар да болот. Эң жооптуу жана маанилүу жумуштарды көңүлүңүз каалаган, көбүрөөк күч кубатка ээ учурда аткарыңыз.


5. Сырткы таасирлерди дагы сабаттуу, так башкарууну үйрөнүңуз. Жумушуңуз көп учурда кесиптешиңиз  кофе ичүүгө чакырса кереги жок нерселерди сүйлөшүп отурууну азайтыңыз. “Убактым жок” деп айтууну үйрөнүңүз. Жумуш убагында дагы  убакытты туура пайдаланууну, үнөмдөөнү үйрөнүңүз.


6. Жумуш ордуңузду, үстөлүңуздү таза кармоону адатка айлантыңыз. Бул абдан таасирлүү психологиялык  ыкма. Чыгармачыл баш аламандыкта иштеген жагат деген шылтоону таштаңыз.


7. Ийкемдүү болуңуз. Жашоо кээде өзүнүн тактоолорун, ирээтөөлөрүн киргизип турат.  Айрым жагдайлардан улам иш күнүңуздүн күн тартибин өзгөртүүдөн коркпоңуз. Мындай майда-барат нерселер сизди тең салмактуулуктан чыгарбаш керек.


8. Ал эми соңку кеңеш дагы абдан маанилүү.  Канчалык жыш иш графигиңизге карабастан эс алууга дагы өзүнчө убакыт бөлүңүз. Сиз робот эмессиз! Көңүлүңуздү көтөрчу, мээни сергитчү, ырахат тартуулоочу эс алуучу жайларга барыңыз. Жан дүйнөңүзгө жакын адамдар менен баарлашыңыз. Жума сайын ар түрдүу, пайдалуу эс алуу менен жашооңузду көркөмдөп туруңуз!

 

 

Кундуз Авашова.

Бөлүм 3.

Эртең: уландысы бар :) үй-бүлө тууралуу окуйсуз.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться