Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

2016-жылдын 16-июнунда Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын жабык спорт комплексинде 2015-2016-окуу жылынын КТМУнун «Бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруу» салтанаты болуп өттү.



2016-жылдын 16-июнунда Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчасынын жабык спорт комплексинде 2015-2016-окуу жылынын КТМУнун «Бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруу» салтанаты болуп өттү.

1995-жылы Кыргыз жана Түркия Республикалары тарабынан биргелешип түзүлгөн жана өзгөчө статуска ээ болгон эл аралык жогорку окуу жайыбыз 20 жылдын ичинде жалпысынан экономика, тарых, түркология, инженерия, журналистика, туризм тармагындагы 5000ден ашуун адистерди даярдап, турмуш жолуна аттандырган. Университетибиз быйыл 15-бүтүрүүчүлөрүн тагыраак айтканда, ар кандай кесипке ээ болгон  701 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатат.

«Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» салтанаты эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңырышы менен башталды. Бир канча маанилүү коноктордун катышуусунда өткөн салтанаттуу кечеге университет жетекчилери, Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү, Түркиянын Элчилигинин Кыргызстандагы кызматкерлери, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышышты.

Кеченин ачылышында КТМУнун Камкорчулар кеӊешинин төрагасы Кемал Маденоглунун Манас университетинин бүтүрүүчүлөрүнө жолдогон куттуктоо каты окулду. Анда Кемал Маденоглу бүтүрүүчүлөрдү маанилүү күнү менен куттуктап, ак жол каалаган. Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Түркия Рсспубликасынын элине ыраазычылык билдирген.

Аземде КТМУнун ректору Себахаттин Балжы: «Эки боордош элдер ортосунда курулган өрнөктүү университетибиздин бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 32 өлкөлөрүндө иштеп жатышат. Аларга университеттин атынан ыраазычылыгымды билдирем. Университетибиздин дүйнөлүк деңгээлде өнүгүшү үчүн колдон келген иштерди жасап келебиз. 20 жыл ичинде 5000дей адистерди даярдап, быйыл 701 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатабыз. Кыргызстандын жана Түрк дүйнөсүнүн жарык келечеги ушул жаштарыбыздын колунда. Манас университети сиздердин уяңыз, ар дайым кайда болсоңуздар да сиздер үчүн эшиги ачык. Мен студенттерим менен абдан сыймыктанам, баарыңарга ак жол, жолуңар шыдыр, жолдошуңар кыдыр болсун! Жакшы адам болгула, башыңарды бийик туткула. Манас университетинин байрагын дүйнөнүн бардык жеринде желбиретесиңер деп ишенем. Ак жол силерге!»,- деп, 5 жыл бою Манас университетине ишенип өз балдарын аманат кылган ата-энелерге да ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев бүтүрүүчүлөрдү маанилүү күнү менен куттуктап, мындан беш жыл мурун мектепти жаңы бүтүп, университетке тапшырып, кубанып турган эле, ал эми бүгүн бир адистикке ээ болуп олтурасыңар. 15 жыл мурда биринчи болуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөрүбүз бүгүн өрнөк инсандар болуп, жакшы иштерде иштеп жатышат, алардын жолун жолдогон инсандар болосуңар деп терең ишенем. Биз сиздер менен сыймыктанабыз деп, Манас университетинин алдына койгон максаттарынын бирин ушул бүтүрүүчүлөр аткара тургандыгына токтолду. Ошондой эле келечекте бүтүрүүчүлөр  жашоодогу адилет, сый жана сүйүү сыяктуу баалуулуктарды жоготпой, мамлекетке жана элге ак эмгектен кызмат кылуу керектигин айтып, ийгилик жана ак жол каалады. Айрыкча алардын ата-энелеринин мээнети чоң экендигин баса белгиледи.

Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Чагатай Йылдырым Манас университети Кыргызстан менен Түкиянын ортосундагы эң ири, маанилүү окуу жайы экендигин баса белгилеп, Манас университетин бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ боло бербегенин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достукту дагы да бекемдей турган жаштар булар силерсиңер деп бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайды бүткөндүктөрү менен куттуктап, ак жол каалады.

Иш-чара өзгөчө шаң менен башталып, алдыңкы, мыкты окуган студенттерге сыйлыктар жана белектер тапшырылды. «Университеттин эң мыкты бүтүрүүчүсү» номинациясына Экономика жана башкаруу факультети, Менеджмент бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Кыял Байтурова, экинчи орунга Экономика жана башкаруу факультети, Менеджмент бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Жайнагүл Аманбекова, үчүнчү болуп Экономика жана башкаруу факультетинин Эл аралык мамилелер  бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Жылдыз Нурланбек кызы, Гуманитардык факультети Орус тили жана адабияты бөлүмүнүн студенти Наргиза Бекжан кызы татыктуу болушту. Андан соң университеттин эң алдыңкы бүтүрүүчүсү деген номинацияга ээ болгон Кыял Байтурова ардак тактага өзүнүн ысымын калтыруу каадасын аткарды. Кече бүтүрүүчүлөргө бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн тапшыруу салтанаты жана белгилүү кыргыз эстрада ырчыларынын бири Мирбек Атабековдун катышуусунда даярдалган концерт менен аяктады.

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду Манас университети 15-жолу бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться