Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илим-изилдөө институтунун магистр жана PhD даражасын алган студенттердин бүтүрүү аземи болуп өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Илим-изилдөө институтунун магистр жана PhD даражасын алган студенттердин бүтүрүү аземи болуп өттү.

Бүтүрүү аземи университет жетекчилери жана студенттердин катышуусунда өттү.

Аземдин ачылышында ректор, профессор Себахаттин Балжы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап: “Биздин максатыбыз көп сандагы илим-изилдөө кадрларын даярдоо эмес, максат эң мыкты студетттерге сапатуу билим берип, мыкты кадрларды жетиштирүү. Ошол эле учурда биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөлүк стандарттарга татыктуу, эл аралык деңгээлдеги илим изилдөөчү кадрлар болушу үчүн баардык шарттар түзүлүүдө. 20 жылдык тарыхы бар Манас университети үчүн 20дан ашык ага окутуучуну даярдоо биз үчүн чоң жетишкендик болуп эсептелет”, деп келечекте академиялык магистр жана академиялык (PhD) даражасын алган студенттердин саны дагы көбөйө тургандыгын белгилеп, жаш окумуштууларды тарбиялаган мугалимдерге да ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев – “Дүйнөнүн мыкты университеттеринин тарыхы анын бүтүрүүчүлөрү менен да байланыштуу болорун белгилеп: “Жогорку окуу жайлар өзүнүн мыкты бүтүрүүчүлөрү менен дүйнөгө тааныла алат. Учурда бүтүрүүчүлөрүбүз дүйнөнүн 32 мамлекетинде жакшы иштерде иштеп жатышат. Биз алар менен сыймыктанабыз”, деп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Ал эми илим-изилдөө институтунун мүдүрү, профессор Хаяти Беширли өзүнө өзү ишенген, жогорку билимге ээ жана дүйнөлүк илимге салым кошууга даяр 31 бүтүрүүчүсү менен сыймыктана тургандыгын билдирди.

Бүтүрүүчүлөрдүн атынан Илим-изилдөө институтунун академиялык (PhD) даражасын алган бүтүрүүчү Дөне Аслан менен Гулида Кимсанова сүйлөп: “Биз университеттен бир гана билим албастан, тарбия жана маданият тааный билдик. Университетибизде мугалимдер менен студенттердин ортосунда өзгөчө карым - катнаш маданияты бар”, деген ыраазычылык сөзүн сүйлөштү.

Иш чаранын соңу академиялык магистр жана академиялык (PhD) даражасын алган бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи Магистратура жана PhD билим берүү программасынын бүтүрүү аземи

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться