КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР!



       КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык  менчик мамлекеттик фондунун колдоосу менен 7 автор китеп ээси аталып сүйүнүштү. Аталган фонду жыл сайын 7 ден жаш жаратуусу автор тандап алардын жеке китебин басып берүү жөрөлгөсүн 2009-жылдан тарта башташкан эле. Быйыл сегизинчи ирет басылып жаткан проза жана поэзия жанрындагы басылмалар Тарых жана манадият жылынын урматына арналды. 

 

       Атайы редакциялык коллегиянын тандоосу боюнча жыл мурун тапшырылган кол жазмалардын ичинен 7 бактылуу инсандын китеби жарык көрдү. Атап айтсак алар: 

Бакыт Жунусалиев "Сен кат жаздың",

Бекболот Сарыбаев "Сагыныч",

Сабира Шейшекеева "Поэзия түрмөктөрү",

Санжар Абдынаби уулу "Ой тамчылар",

Алмазбек кызы Амангүл "Жaш сезим",

Бегалы Токтогулов "Асылдар" жана проза жанрынан

Махабат Калкаман "Корни" чыгармалары менен болушту. 

 

       Китептердин бет ачаар аземи 16-июнь күнү КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын окуу залында уюштурулуп, кеченин башында интеллектуалдык  менчик мамлекеттик фондунун аткаруучу директору Батырканова Сыяпат Калкашевна өз сөзүндө жети автордун китебин чыгаруудагы негизги максат катары: "Жакшы чыгармалары бар туруп, жарыкка чыгара албай жүргөн жаш калемгерлердин алгачкы жыйнагын акысыз чыгарып берип, колдоо көрсөтүү эң негизги максатыбыз.Мындай кадамдар чыгармачылык жолун жаңыдан гана баштап келаткан жаш таланттарды шыктандырып, келечекте мыкты акын-жазуучу болуусуна түрткү болмокчу"- деп айтып кетти.

 

       Бет ачаар аземде кыргыздын белгилүү акын-жазуучулары, коомдук ишмерлер, чыгармачылыкты аздектеген окурмандар жана жаш авторлордун ата-энелери чыгып сөз сүйлөп, кызуу куттукташты. 

 

       Кеченин жыйынтыгында авторлорго китептери тапшырылып, алардын ырлары окулду. Андан соң жаш жазмакерлер алгачкы кол тамгаларын коюшуп китептерин бири-бирине белекке ыйгарышып, эстеликке сүрөткө түшүштү. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР! КЕЗЕКТЕГИ БАКТЫЛУУ ЖЕТИ АВТОР!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться