ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК!



2016-жылдын 4-июну манасчылар жана Манасты барктагандар үчүн зор, унутулгус майрам болуп калды.  Анткенибиздин себеби Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Тарых жана маданият жылына карата КР нын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, "Саякбай манасчы" Эл аралык фонду тарабынан уюштурулган "Улуулукка мамиле" аттуу маданий иш-чара болуп өттү.

 

          Иш чара негизинен 3 бөлүктөн туруп биринчи бөлүгүндө "Саякбай энциклопедиясы" китеби зал толо Манасты сыйлап келген элге сунушталды. КР нын Жогорку Кеңешинин вице спикери Нурбек Алимбеков чыгып спикердин куттук сөзүн жумурай журтка жарыялап, андан соң ЖК нын атынан Саякбай фондуна 100 сом акчалай жардам көрсөттү. Ал эми КР нын Премьер министри Сооронбай Жээнбковдун куттук сөзүн  КР нын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов окуп берип, кечинин кадырлуу коноктору катары трибунага ЖК депутаттары Садык Шернияз, Каныбек Иманалиевдерди чакырды. 

 

          Салтанаттуу кеченин экинчи бөлүгүндө болсо "Манас" эпосун камкордукка алууда жана жайылтууда өтөгөн эмгеги үчүн "Саякбай манасчы" төш белгиси менен 30 га жакын татыктуу инсандар сыйланды. Атап айтсак, учурдагы өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев, экс президент Роза Отунбаева, Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев, Кытай Эл Республикасынын жараны Макелек Өмүрбай, казак элинен чыккан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, экс-депутат Манас эпосун ЮНЕСКО го каттаткан Карганбек Самаков, Манас институтунун негиздөөчүсү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев, улуу манасчылар Сапарбек КасмамбетовНазаркул Сейдракманов, академик Абдылдажан Акматалиев, "Манас Жаңырыгы" телеканалынын ээси Темирбек Токтогазиев, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Манас-Мурас" коомунун жетекчиси Баткен Шернияз, жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу, "Улуу баян" коомдук фондунун төрагасы Бакыт Романов, белгилүү телеалыпбаруучу Шайырбек Абдрахманов,  "Айгине" борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева, Манас изилдөөчү Жылдыз Орозобекова, журналисттер Кундуз Аманова, Ырыс Окенова, Жаныбек Эсеналиев жана башка белгилүү коомдук ишмерлер, ишкерлер сыйланышты. 

 

         Иш чаранын үчүнчү бөлүгү андан да кызуу уланды. "Саякбай манасчы" фонду тарабынан манасылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков,  Улан Исмаиловдорго үч бөлмөлүү батирдин сертификаттары ыйгарылды. Ошондой эле Улан Исмаиловго жеке ишкер тарабынан унаанын ачкычы да тапшырылды. Жыйынтык сөзүндө "Саякбай Манасчы" Эл аралык фондунун президенти Саматбек Ибраев социалдык жактан колдоо максатында дагы 4 манасчыга мына ушундай эле даражадагы батирдин ачкычын жакынкы келечекте берээрин убада кылды. 

 

        Кеченин соңунда чакан концерт уюштурулуп, батир алган манасчылар баш болуп 12 манасчы сахнада "Манас" айтышты.

 

Жылдызбек Турсунбаев

ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК! ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК! ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК! ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК! ӨТКӨӨЛ ДООРДУН МАНАСЧЫЛАРЫНА ӨЗГӨЧӨ БЕЛЕК!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться