Нурчолпондун чыгармачыл тушоосу кесилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Нурчолпондун чыгармачыл тушоосу кесилди

4-июнда “Кыргыз киносу” кинотеатрында 2 жылдан бери интернет айдыңында популярдуулукка ээ болуп келген таланттуу жаш ырчы Нурчолпондун тушоо кесүү-чыгармачыл кечеси болуп өттү.



Кечеге Нурчолпондун үй-бүлөөсү, күйөрмандары жана эстрада жылдыздары катышты.

  Көптөгөн аспаптарда кол ойноткон жаш талант конокторго комуз, гитара жана пионино менен кыргыздын жана чел элдин мыкты ырларын аткарып берди.

  Мындан тышкары  Нурчолпондун апасы, келген коноктор, продюссери Сүйүн Откеев сахнага чыгып, “чыгармачыл жолу кенен болсун, алдыда ийгиликтер күтсүн” деп бата беришти.

  “Нурчолпон менен 2 жыл мурун таанышканбыз, ошондон бери иштешип келебиз. Интернетте популярдуу болуп, калың эл тааный баштады. Эми алдыга дагы көптөгөн пландарды койдук, аларды ишке ашырууга бардык күчубүздү жумшайбыз. Буюрса эл аралык сынактарга барып Кыргызстандын желегин желбиретет.”- деди Сүйүн Откеев.

Кеченин соңунда Нурчолпон “Ыр десте” аттуу шаңдуу ырды ырдап берип конокторун узатты.

   Келгендер чыныгы таланттын күбөсү болуп, бири оозун ачып таң калып кетсе, бири талантына таазим кылды. Биз дагы өзгөчө үнгө жана стилге ээ болгон жаш талантка албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Нурчолпондун аткаруусундагы “”Издейм сени” чыгармасын төмөнкү шилтеме аркылуу уга аласыздар.

Жазган: Кенешова Гулзира


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться