Орусиянын курамасы көк бөрү боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында үчүнчү орунду ээледи.
5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында коло медаль үчүн Орусия жана Тажикстандын курамалары беттешти.
Оюн курч атаандаштыкта өтүп, жыйынтыгында Орусиянын командасы 3:0 эсебинде жеңишке жетти.
Ушуну менен Орусия курамасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча коло медалга ээ болду.