Улуулукка мамиле! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуулукка мамиле!



         "УЛУУЛУККА МАМИЛЕ!" 

 

         Дал ушундай аталыш менен 2016-жылдын 4-июнунда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясында Эл аралык Саякбай фонду тарабынан Манас эпосуна арналган иш чара өткөрүлөт. БУл тууралуу коомчулукка кеңири маалымат берүү үчүн фонддун негиздөөчүсү коомдук ишмер Самат Ибраев жана манасчы Дөөлөт Сыдыков "Жаңы күн" радиоуктуруусуна конок болушту.

         Төраганын айтымына караганда аталган иш чара фонддун негиздүү түрдө планга кирген иш чараларынан. "Ишемби күнү саат 11.00 дө башталып үч бөлүктөн турат.

         1-бөлүктө Саякбай энциклопедиясынын бет ачары болот.

         2-бөлүктө чет өлкөдөн келген жана өлкөбүздөгү Манас эпосуна салымын кошуп, өмүрүн арнап жүргөн инсандарга "Саякбай төш белгиси" ыйгарылат.
         3-бөлүктө 20 жылга чукул аралыкта Манас айтып, манасчылык өнөрү менен эпосту элге жайылткан учурдун үч манасчысы: Рыспай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловдорго социалдык жактан колдоо көрсөтүп курулуп жаткан үйдөн 3 бөлмөлүү батирге ээ болушканын далилдеген атайы сертификаттар тапшырылат."- деди Самат Ибраев. 

 

         Ал эми манасчы Дөөлөт Сыдыков болсо манасчылык эл топтолгон жерге барып 3-5 мүнөт Манас айтуу менен баалана турган өнөр эместигин, чыныгы манасчы буркан-шаркан түшүп, күндөп түндөп Манас айтуусу керек экенин, ошондо гана манасчы калктан кадыр топтой алаарын, үнү бүтпөй, тамагы оорубай, чарчабай 10-20 сааттап Манас айтыш үчүн манасчылар дайыма өздөрүн таптап жеткириш керек экенин оз сөзүндө айтып кетти. Оролу келген жерде айтуучуларга көңүл буруп, колдоп белекке үй тартуулап жаткан Самат Ибраевге түз эфирден ыраазычылыгын билдирди. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

 

 

Улуулукка мамиле! Улуулукка мамиле!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться