Айнура Мурсаева:"Бишкек мэриясы эки заманбап бала бакчаны эл үчүн тартуулады" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Айнура Мурсаева:"Бишкек мэриясы эки заманбап бала бакчаны эл үчүн тартуулады"



Билим алуу ийне менен кудук казгандай деп эзелтен эле ата-бабаларыбыз айтып коюшкан. Билимди болсо жаштайыбыздан татыктуу алышыбыз керек. Арийне татыктуу билим туура тарбиялануудан, сапаттуу бала бакча, сапаттуу мектепке баруудан башталат. Ушул жааттагы кептерин айтып 1-июнь баларды коргоонун Эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарынын Мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Мурсаева Айнура Кубанычбековна Жаңы күн радиоуктуруусуна конок болуп кайтты. 

 

Маектин башында чакырылган адис 1-июнга карата Бишкек шаарынын мэриясы балдарга уюштуруп жаткан массалык майрамдардын пландарын, кайсыл жерлерде болуп жатканын баяндап, бардык наристелерди оюнга чакырып, ал эми ата-энелерден 1 жылда бир балдарына жакшы көңүл буруп коюсун өтүндү.

 

Андан соң мэриянын Билим берүү башкармалыгы тарабынан жасалып жаткан түрдүү иш чаралар, жаңы бала бакчалардын ачылып жатканы, бала бакчага алып барууга шарты келбеген ата-энелердин балдарын каттап, жок дегенде бир жумада бир жайнап аларга бала бакча кызматын акысыз сунуштап жаткандыктары тууралуу айтып берди. 

 

Эфирдин жүшүндө кызыктуу суроолор суралып канаттандыраарлык жооптор берилди жана Айнура айым алардын ишмердүүлүгүн коомчулукка жарыялап жаткан Манас радиосуна ыраазычылык сөзүн билдирип кетти. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

Айнура Мурсаева:"Бишкек мэриясы эки заманбап бала бакчаны эл үчүн тартуулады" Айнура Мурсаева:"Бишкек мэриясы эки заманбап бала бакчаны эл үчүн тартуулады"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться