«Нелегал» тасмасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Нелегал» тасмасы

Бишкекте режиссер жана продюсер Руслан Акун бизнес жана медиа өкүлдөрүнө пресс-конференция өткөрдү.



10-мартта Бишкектеги «Дордой Плаза» соода борборунда жайгашкан «Синематика» кинотеатрында режиссер жана продюсер Руслан Акун жабык жолугушуу өткөрдү. Анда AZO онлайн-кинотеатрынын жаңы долбоорлорун тааныштырып, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

 

Иш-чарага бизнес жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты. Жолугушуунун алкагында AZO платформасынын негизги долбоорлору, анын өнүгүү багыттары жана кино менен биргеликте санариптик контент тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

 

«Кино жана контенттерди кыргыз тилинде чыгарып, коомубуздагы эне тил маселесин жоюуу–биздин башкы максат»-дейт, Руслан Акун. Анын айтымында, бул тилек-максаттардын баары ЖМК жана бизнес өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашат. Санариптик заманга жараша, кыргыз тилиндеги платформалардын көбөйүүсү калктын маданий жана руханий өнүгүүсүнө эбегейсиз зор таасир берүүсү талашсыз.

 

Жыйындын соңунда атайын өкүлдөр үчүн «Нелегал» тасмасынын алгачкы жабык көрсөтүүсү болду. Тасмада баш каарман Чыңгыздын жана башка элдердин Мексика аркылуу, мыйзамсыз жолдор менен АКШга бараткан татаал тагдырлары  чагылдырылган. Режиссердун  айтуусу боюнча, тасманын бюджети 700 миң доллардан ашкан жана бир канча өлкөлөрдө, жунглилерде тартылган.

 

Белгилей кетсек, тасманын жабык көрсөтүүсү 17-мартта, ал эми кинотеатрларга 19-марттан тарта чыга баштайт.

 

Жазган : Айжаркын Сулайман

«Нелегал» тасмасы «Нелегал» тасмасы «Нелегал» тасмасы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться