Манаста футбол фестивалы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манаста футбол фестивалы

Манас университетинде 1-июнь балдар күнүнө карата футбол фестивалы болуп өттү.



2016-жылдын 28-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 1-июнь балдар күнүнө карата футбол фестивалы болуп өттү.

Бишкек шаарында жана борборго жакын райондордо жайгашкан жетим балдар үйүнүн тарбиялануучулары катышкан фестиваль Манас университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби, КРнын Футбол федерациясы, КРнын көчө футболу федерациясы, профсоюздар кошууну жана Спорт бардыгы үчүн федерациясынын колдоосу менен уюштурулган.

Фестивалдын ачылышында Манас университетинин проректору, профессор Али Бахадыр балдарды ар дайым спорт менен дос болууга чакырып, өзү да бала кезинде футболду сүйүп ойногондугун белгилей кетти. “Балдар, бүгүн силерге жакшы маанай каалайм! Ойногула, эс алгыла!”,-деди Али Бахадыр.

Ал эми Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Канат Жанузаков аталган мектеп жыл сайын балдар күнүнө карата спорттук оюн-зоок программаларын өткөрүп келгендигин баса белгилеп, бул фестивалдын максаты кичинекей балдардын спорттун түрлөрү менен таанышып, футбол ойношуп, чер жазып кетүүлөрү экендигин айтты.

100гө чукул баланын катышуусундагы футбол фестивалы түшкү саат 2ге чейин уланып, сүрөт тартуу жана ар кандай конкрустар менен коштолду.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы Манаста футбол фестивалы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться