Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!"

       



       Жаңы күн радиодолбоорунун кезектеги коногу Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын пресс-катчысы Рахматулла Мухаммдед аттуу мырза болду. Уктуруунун негизги өзөктүү темасы 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү болуп, балдарга көңүл буруу алкагында Бүткүл дүйнөлүк Жаштар ассамблеясынын жасап жаткан иштерине саресеп салдык. 

 

       16 жылдан бери Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген Жаштар ассамблеясы жыл сайын республика боюнча 2 миңге чукул атасынан ажыраган же болбосо томолой жетим балдарга жөлөк пул берип, бир катар майрамдык иш чараларды уюштуруп, үй шартына керектелүүчү буюмдарды тартуулап, кызыктуу оюнчук, сапаттуу кийим-кече жана дары-дармек менен камсыздап келет.

       Рахматулла мырза ассамблеянын негизи максаты катары: "Адамзаттын улуу, өрнөктүү инсандарынын биринин: "Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!",-деп айтканы бар анысы карагандай жаштардын өзөгүн бөбөктөр түзөт, а бөбөктөр бактылуу балалыкка, татыктуу мээримге ээ болушу керек, жашообузду улай турган неристелердин ден соолугуна, ал-ахвалына, турмуш-тиричилигине көңүл буруу - биздин негизги мүдөөбүз",-деп белгиледи. 

       Үй бүлөдө материалдык жактан камсыздай турган ата болгондуктан, аталардан эрте ажыраган балдарга ай сайын 1700 сомдон жөлөк пул, жазгы-кышкы кийим, бут кийим, окуу башталганда мектеп формасы, сабакка керектүү концелярдык товарлар, ооруп калган кезде медициналык жардам, кокус операцияга дуушар болсо керектүү чыгымдардын баарын Жаштар ассамблеясы ырастап бере турганын айтты. Мындай жардамдан пайдалануу үчүн баланын ата-энеси жок экенин, же энеси жалгыз бой багып социалдык жактан жардамга муктаж экендигин далилдеген атайы документтер керектелээрин ачыктады. 

       Рахматулла мырза мындан тышкары баланын өсүүсүндө чоң салымы бар энелерге жакшы жардам беришээрин, жыл сайын "Энекем менин - бейишим" аттуу долбоор уюштуруп, республика боюнча  "Мээримдүү эне", "Өзгөчө эне" наамдарын татыктуу апаларга ыйгараарын, бул себеп менен акчалай же болбосо атайы белектерди тапшыраарын да баян кылды.

      Майып балдар жаатында да иш алпарып жыл сайын балдарды коргоо күнүндө ал жакка барып акысыз балмуздактарды таратып, белек-бечкектерди ыйгарып, алардын көздөрүндөгү кубанычын көрүү, ата-энелеринин ыраазычылыгын угуу Жаштар ассамблеясынын ар бир мүчөсүн дагы да болсо жаңы ишке, жаңы долбоорлорго шыктандыраарын жашырган жок. 

      30 мүнөттүк маектин жүрүшүндө чакырылган конок угармандардын суроолоруна да толук кандуу жооп берип, Ассамблеянын ар кандай жардамга эшиктери ачык экенин баса белгилеп, бүтүндөй балдарды майрамы менен куттуктап, алдыда дагы жасай турган көптөгөн орундуу пландары бар экенин саймедиреп өттү. 

 

Жылдызбек Турсунбаев

Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!" Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!" Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!" Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!" Рахматулла Мухаммед:"Кайсы бир элдин келечегин билгиң келсе ал элдин жаштарына көңүл бур!"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться